Окумуштуулар парацетамол дарысынын кандай коркунучу бар экенин айтышты

8 ноября 2018

Сан-Диего шаарында Human Longevity уюмунун адистери парацетамолдун зыяны тууралуу айтышты. Адистердин айтымында, парацетамол дарысы жыныстык мүчөгө таасир этерин жана  парацетамол дарысынын кандай зыяны бар экенин айтып беришти. Натыйжада адам тукумсуздукка чалдыгып калышы мүмкүн. Ал эми кош бойлуу кезде курсактагы балага терс таасирин тийгизет.

Изилдөөгө 18 жаштан жогорку 455 адам катышкан. Андан бөлөк 1880-жылдан берки 1235 эгиздердин маалымдамалары чогуу текшерилди.

Парацетамолдун таасиринен адамдын жыныстык гормондору өзгөргөнү белгилүү болду. Дарынын таасири адам организмин 35 жашка карытып жиберет. Мындан тышкары, нерв системасын алсыратып, бойдон түшүүсүнө себеп болот же курсактагы баланын өсүшүнө терс таасирин тийгизет. Анткени,нейростероиддүү жыныстык гормондор адамдын мээсинде өрчүйт.