Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин 20 мүлкүн камактан чыгарды

28 августа 2019 Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин 20 мүлкүн камактан чыгарды

УКМК менен ИИМдин ыкчам бөлүмдөрүнө Атамбаев жана анын жакын туугандарына тийиштүү башка дагы мыйзамсыз мүлктү аныктоо тапшырмасы берилди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакындарына таандык камакка алынган 135 кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн ичинен 20 мүлкү кайра камактан чыгарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин башкы көзөмөл орган Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынганын айткан. 

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев президент кезинде мыйзамсыз байыды деген факты боюнча сотко чейинки териштирүү ишинин жүрүшүндөгү материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

"Документтер изилденип, тергөө иштери аткарылгандан кийин Башкы прокуратура Жал-23 кичи районундагы №77 көп кабаттуу үйдөгү 18 батирди камактан чыгарды. Анын ичинде "Телерадиоуюму ассоциациясы" аттуу юридикалык жактын бирикмеси дагы бар", — деп айтылат маалыматта.

Жалпы жонунан 20 мүлк камактан чыгарылган.

Учурда Башкы прокуратура тарабынан тергөө иштери уланып жатат. Ошондой эле УКМК менен ИИМдин ыкчам бөлүмдөрүнө Атамбаев жана анын жакын туугандарына тийиштүү башка дагы мыйзамсыз мүлктү аныктоо тапшырмасы берилди.

sputnik.kg