Казакстандын 82 жаштагы эл артисти өзүнөн 45 жаш кичүү аялга үйлөндү

28 августа 2019 Казакстандын 82 жаштагы эл артисти өзүнөн 45 жаш кичүү аялга үйлөндү

Эркек кишинин биринчи жубайынан беш кызы бар.

Казакстандын 82 жаштагы эл артисти Нургали Нусипжанов өзүнөн 45 жаш кичүү Жадыра Сейдеш аттуу журналистке үйлөндү. 

Маалыматка караганда, келин 37 жашта.

"Мен сиздин таза жүрөгүңүздү бааладым. Ар дайым ден соолукта болуңуз, мен дагы саламаттыгыңыз үчүн бардык күчүмдү жумшайм. Сиздин курагыңызда балалуу болуунун эмнеси жаман экен? Жакшы адамдын артында туяк калышы керек. Келечекте үй-бүлөбүздө наристе пайда болот деп үмүттөнөм", — деп келин тоюнда сөз сүйлөгөн.

Белгилей кетсек, Нургали Нусипжанов 1937-жылы 5-январда төрөлгөн. Ал Казакстандын эл артисти, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Жургенов атындагы Казак улуттук искусство академиясында мугалим, ошондой эле "Курмет" орденинин кавалери. Биринчи жубайынан беш кызы бар.

Ал эми Жадыра Сейдеш 37 жашта. Ал КТК телеканалында журналист болуп эмгектенет.

sputnik.kg