Асанов 13-августта "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен кызматтан алынган болчу.
Биринчи Май райондук соту тарабынан ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына алынды.
14-августта ал Аскер прокуратурасына сурак берүү үчүн чакырылган. Башкы прокуратура Асановго Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүүнү Аскер прокуратурасына тапшырган.
Асанов бүгүн, 27-августта, кайрадан Аскер прокуратурасына сурак берүү үчүн чакырылган. Андан соң баш коргоо чарасын тандоо үчүн Биринчи Май райондук сотуна алып келинген.
Башкы прокуратуранын билдиришинче, Курсан Асанов 7-8-августта ички иштер министринин талаптарына жана буйругуна бир нече ирет баш ийбей жана укугу жок болсо да министрдин макулдугусуз өз алдынча чечим кабыл алган. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жеке курамын башкаруусуз калтырган деп айыпталууда.
Эске салсак, Асанов 13-августта "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен кызматтан алынган болчу.
Өз кезегинде Асанов кызматтан алынганы боюнча өзүнүн пикирин билдирип, мамлекеттин, өзүнүн намысы алдында таза экенин айткан.
7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ал максатына жеткен эмес. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.