Кыргызстандын ЕАЭБнын курамындагы 4 жылдык жыйынтыгы: 2025-жылга карата республиканын евразиялык социалдык-экономикалык моделдин контурлары

27 августа 2019 Кыргызстандын ЕАЭБнын курамындагы 4 жылдык жыйынтыгы: 2025-жылга карата республиканын евразиялык социалдык-экономикалык моделдин контурлары

2015-жылы 12-августта Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигинин толук укуктуу мүчөсү болуп кирген. Бирок, Кыргызстандын ЕАЭБдин курамына кирүүсүнөн күтүлгөн жакшы натыйжа дүйнөлүк экономикалык кризис жана биримдиктин эки ири - Казакстан (металл, мунай) жана Орусия (газ, мунай, токой, темир кени)  кыймылдаткычтарынын негизги экспорттук товарларына болгон баалардын төмөндөшү сыяктуу сырткы таасирлерден улам олуттуу өксүдү. Республиканын 2000-жылдардын башында калыптанган жана тигил же бул түрдө, жумушчу күчтүн сыртка чыгышына жана товарлардын кайра экпорттолушуна негизделген социалдык-экономикалык модели Орусия, Казакстан жана Беларусь бажы биримдигин түзгөндөн кийин терс жагына өзгөрүп баштады.  

Кыргызстандын экономикалык модели 2011-жылдан баштап жогорку ички социалдык тобокелдиктер жана аймактык каржылык тренддерге жараша фазага кирди. 2010-жылдын башынан бери республиканын социалдык-экономикалык модели негизинен төрт чөйрөнүн айланасында – Бүткүл дүйнөлүк соода уюму өлкөлөрүнөн (Кытай, Турция, БАЭ) товарларды кайра экспорттоо, тигүү тармагы, мигранттардын которулуулары, тоо-кен тармагында калыптанды. Кайра экспорттоо – Бажы биримдигинин ишмердүүлүгүнүн жанданышынан улам ЕАЭБнын тиричилик базарлары жабылышы менен күчүнө кирди. Тигүү тармагы Орусиянын БДСУга кириши менен өзүнүн артыкчылыктарын (товардын баасы боюнча) жоготту.

Тоо-кен казуу тармагы Кыргызстандын экономикасы үчүн өтө маанилүү. Ага дээрлик ички Валдык өндүрүштүн 8,5 % жана экспорттоонун 45% түзөт. Пайдалуу казып алуулардан алынган киреше бюджеттин көп бөлүгүн - 9%га жакынын түзөт. Тоо-кен казуу тармагында дээрлик тогуз миң кыргызстандыктар эмгектенишет. Эгер тоо-кен казуу тармагынын салыктык жүктөмүн карап көрсөк, анда аймактарда ал өтө көп. Ишканалар тапкан кирешесинин дээрлик 18 пайызын (%) салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн пайдасына төгүп берүүгө аргасыз. Мисалга алсак, Монголияда же Казакстанда бул сандар 15 (%) пайыздан ашпайт.

Кыргызстанда жалпысынан 1000ден ашык тоо кени чыккан жерлер бар, алардын бир катарлары бүгүнкү күндө иштетилип жатат. Бизде казылуучу металлдардын алдыңкы киреше булагы болуп биринчи орунда алтын турат. Ал тоо кендерин казуунун  94% түзөт. Андан кийинки орунда жез турат - 5%. Башка металлдар . На другие металлы приходится не более 1%. “Кумтор” ири алтын кен жайынан (өлкөдө бул ишкананы улутташтыруу чакырыктары дайыма айтылып келет) түшкөн кирешелер алтынга болгон дүйнөлүк баадан жана респбуликанын ички саясий туруктуулугунан көзкаранды. Баарынан узагыраак өлкөнү мигранттар багышты. Бирок 2014-жылы рубль наркынын кескин түшүп кетиши жана 2015-жылдагы валюталык туруксуздуктун уланышынан улам, ошондой эле 2015-жылы тенге бааланбай калгандан кийин кайра экспорттоо да, тигүү тармагы да киреше алып келбөө коркунучуна кабылды.    

2025-жылы ЕАЭБ эл аралык түзүм катары калыптанышынын (интеграциялык демилгелердин бөлүгү 2019, 2021- 2025-жж. күчүнө кирет) 10 жылдык мөөнөтү өтөт жана ошондо республиканын социалдык-экономикалык үлгүсү биримдиктин толук кандуу иштөөчү негизги төрт эркиндигине тиешелүү алкакта кандай калыптанаары түшүнүктүү болот.

Товарлардын жалпы рыногу

Өлкөнүн ЕАЭБ кошулуусу менен Кыргызстан менен Казакстан чек арасында бажылык көзөмөл жоюлду, ал аркылуу – Беларуссия, Армения, Орусияга (кыргызстандык айыл-чара азык-түлүктөрүн, жеңил өнөр-жай өндүрүүчүлөр жана башкалар дал ушул рынокторго алып чыгууну көздөшөт) жол ачылды.  

Биримдикке киргенден кийин Кыргызстанда биринчи кезекте КР аймагында кошумчалык наркты түзө алган өндүрүштөр утушка ээ болушту. Бул баарынан мурда – тигүү тармагы.

2016-жылы Кыргызстандан тигүү өндүрүштөрүнөн 95,5 млн. долларлык товар экспорттолгон, ал тышка чыгаруунун жалпы көлөмүнүн 7 пайызын (%) түзөт. Бул тармакта 150 миңден ашык адам эмгектенет. Жалпысынан Кыргыз Республикасынан 1 млрд. 268млн. долларга жасалгалар жөнөтүлгөн. Тигүү тармагы экспорттоо боюнча  кымбат баалуу металлдарынан жана айыл-чарба азык-түлүктөрүнөн кийинки үчүнчү орунду ээлейт.  

Кыргызстандын замабап жеңил өнөр-жайынын курамына текстилдик-токума, тигүүчү, булгаары-бут кийим жасоочу жана аңтери топтомдорун даярдоочу жана товарлардын кеңири түрүн чыгаруучу 200гө жакын ишканалар кирет. Өлкөнүн тигүүчүлүк өндүрүшү Кытайдан, Турциядан, Түштүк Кореядан арзан чийки заттарды алып кирүү, арзан жумушчу күчтүн иштешинен (совет мезгилинде республикада 30 дан ашык ири жеңил өнөр-жай ишканалары иштеген), КМШ өлкөлөрүнүн ачык рыногу жана рынокту билүүчүлүктөн  (керектөөчүгө ылайыктуу үлгү, керектүү бой өлчөөчү сызгычтар, фасон) улам көтөрүлдү. 

2017-жылы Токмок шаарында заманбап, токума кездемелерди өндүрүү боюнча эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берген «Транстекстиль» компаниясы пайда болду. Комплексте пахтаны өстүрүү, жиптерди, кездемелерди жана жасалгаларды чыгаруудан тартып кластердик ишке ашыруу каралган.

Ошондой эле Борбордук Азиялык региондордун жана Орусиянын көптөгөн рынокторунда 2020-жылдан кийин башаламан соода-сатыкка тыюу салган мыйзамдар бар экенин эске алуу зарыл. Ал эми кыргызстандык тигүүчүлөрдүн өндүрүштөрү негизинен ушул рынокторго ылайыкташкан. 2025-жылга карата Кыргызстанда бир нече тигүүчүлүк технополистердин негизинде (2017-ж. апрель айында Чүй областынын Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 10 миң жумушчу орундуу тигүүчүлүк технополисин түзүү үчүн 50 га. жер бөлүнгөн) жаңы тигүүчүлүк кластер, фурнитураларды, кездемелерди өндүрүү боюнча фабрикалар өсүп чыгат.

Эгерде Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн өндүрүштөр тууралуу жалпы жонунан сөз кыла турган болсок, анда 2015-2016-жылдан тартып эле төмөнкүдөй бир катар мүнөздүү багыттар белгиленген:

  • Кыргызстандын товардык жана чийки заттык рынокторуна ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүштөрү басым кылат, ошол эле учурда Кыргызстан дээрлик көтөрмөлөө саясатын, мисалы Казакстан акыркы убактарга чейин жүргүзүп келген сыяктуу жүргүзбөйт. Бул республика негизинен айыл-чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүнүн жогорку деңгээлисиз (сыр эмес сүттү, этти консервалабастан накталай салмагы менен) өндүрүп жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Мамлекеттер-Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөлөрү менен өз ара соодалашуу көлөмү 2016-жылы 1 млрд 962,6 млн долларды түзгөн жана 2015-жылга салыштырмалуу 18,6% га кыскарган. Мүнөздүү багыттар сакталып кала бермекчи. Келечекте 2025-жылга чейин бажы чек араларын ачуу бардык майда товардык өндүрүштөр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алда канча ири  ишканаларынын өндүрүштөрүнөн кысымга алынууга алып келет.
  • Айыл-чарба азык-түлүктөр рыногунда (Кыргызстанды көп учурда жаңылыштык менен фермер өлкө деп аташат) республиканы олуттуу өзгөрүүлөр күтүүдө. Бир эсептен 2016-жыл үчүн Орусияга экспорттолгон товарлардын арасында төө буурчактарды алып чыгуу 3,3 эсеге көбөйгөн жана жер-жемиштерди алып чыгуу – 33,1%, жашылчаларды алып чыгуу - 36,1%га көбөйгөн. Ал эми Казакстанга сүт азыктарын жеткирүү көлөмү 215жылга салыштырмалуу төрт эсеге өскөн. Башкача айтканда, компенсациялоочу өсүш (чек аралардын жабылышынын себептери боюнча окуялардан мурда) байкалат. Экинчи жагынан, биримдиктин курамында болгон дээрлик эки жыл ичинде жашылча, жер-жемиштерди ай сайын жок дегенде 50 тонна бирдей типтеги товарды Орусиянын же Казакстандын ири соода тармагына жеткирип турууга даяр бир дагы өндурүүчү табылган жок. Маселе төмөнкүчө: Кыргызстанда курулай эле аты бар 300 миңден ашык фермердик чарбалар бар. Алардын көпчүлүк бөлүгүн 90%дан ашыгы айыл-чарба азык-түлүктөрүн өндүрүүчү үй-бүлөлүк чарбалар түзөт, аны менен катар Кыргыз Республикасында жеке тармактар айдоо жердин 75 (%) пайызына ээлик кылышат. Бирок фермердин орточо үлүшү 2,3 гектарды түзөт, тагыраагы, олуттуу механизациялуу экспорттолуучу багыттагы эч кандай чарба жөнүндө сөз кылууга да болбойт.

2010-жылдын 1-январына карата мамлекеттин жерди каттоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасынын аймагы 19 995 миң гектарды түзөт, анын ичинен 867си гана  сугат жер. Ошондуктан олуттуу фермерлик чарбаны негиздөө – көп учурларда чет элдик капиталдардын жана технологиялардын катышуусу менен жүрөт жана өлчөмү боюнча чоң чарбаларды калыптандырууга алып келет.  Бийик тоолуу Кыргызстандын жана калктын көпчүлүк бөлүгү сугат өрөөндөрүнө отурукташкан шарттарында бул олуттуу социалдык чыңалууларга алып келиши мүмкүн.

  • 2025-жылга карата республикада биринчи кайра иштетүүнү топтоп, өлчөп, сорттоп, сактап жана биринчи кайра иштетүүнү өткөрө ала турган соода-логистикалык борборлордун бүтүндөй бир тармагы курулат. Мындай борборлордун алгачкылары жылына 5 млрд.га жакын жумуртка чыгаруучу 2400 тоннага жана 60 канаттуулар фабрикасы (ички рынокту толугу менен жабат жана экспорттого да жеткирет, ал эми курстук айрыма казакстандык жумурткаларды 40% арзандатат) жана буудай заводу (эки ири ун чыгаруучу заводду камсыздайт) Ысык-Көл областында ишке киришти.

2025-жылга чейин дароо бир нече товардык рыноктор түзүлөт. Дары-дармектер жана медициналык заттар жалпы рыноктору 2017-жылы, жалпы энергетикалык рынок – 2019-ж., газ, мунай жана мунай өндүрүштөрү – 2025-ж. ишке киришиши божомолдонууда. Жеке жана мамлекеттик компаниялар эл аралык энергетикалык биржада конкреттүү долбоорду ишке ашыруу үчүн талап кылынуучу киловатт-сааттын санын  сатып ала турган/сатып өткөрө турган электроэнергетикалык рынокту калыптандырууга 2025-ж. энергия сыйымдуу өндүрүштөрдү кое берүүго уруксаат берилет.  Маселен, кеминде эки ири алюминий чыгуучу жерлер (Баткен областында “Зардалы” жана Нарында – “Сандык”) изилденген. Аталган кен чыгуучу жерлерде көнбөгөн жана кайра иштетүү үчүн жеңил бокситтер (алюминий табылуучу чопонун бир түрү), нефелин (жер семирткич катарында колдонулуучу минерал) сиениттери бар. Алюминийди алуу үчүн өтө татаал, шакар цементин өндүрүүнү камтыган, алюминий өндүрүшүнүн ортосундагы азык-түлүктөрдөн даярдалган өндүрүш комплексин куруу керек. Мунун баарына электр кубаттуулугунун өтө көп саны сарпталат. Азыркы учурда республиканын ички Валдык өндүрүштүн маанилүү үлүшун ээлеген энергетика тармагынын дараметинин олуттуу алсырашы тобокелдиги күч алды жана ишкананы кыш мезгилинде электр кубаты менен камсыздай албайт (республиканын электр кубатынын негизи – электр кубатынын көлөмүн иштеп чыгуу боюнча туруксуз 17 суу электростанциялары – жаандан жана күн нурунан көз каранды болгондуктан). Бул кийинки себептерден улам келип чыккан: суу аз мезгилде электркубаттуулугун өндүрүү үчүн зарыл болгон суу-кубаттуулук ресурстарын тендештирбей пайдалануудан; колдонуудагы жабдууларды инвестициялардын көп убакыт жок болгондугуна байланыштуу физикалык жана моралдык көп колдонуудан; туруксуз каржылык –экономикалык ишмердүүлүктөн, ошондой эле техникалык жана коммерциялык эмес чыгымдардын өсүшүнөн улам.

Биримдиктин газ, мунай жана мунай өндүрүштөрү жалпы рыноктору ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин бардык экономикалык тармактарынын керектөөлөрүн жеткиликтүү баада камсыздоо үчүн түзүлөт. Бул жерден Кыргызстан үчүн беш мунай кайра иштетүүчү заводдорду (үчөө мамлекеттин түштүгүндө жана экөө түндүгүндө) кайра жандандыруу боюнча туруктуу жана узак мөөнөттүү мүмкүндүктөр ачылууда. Бирок, чийки заттарды кайра иштетүүнүн анча чоң эмес кубаттуулугу аларды кичи мунай кайра иштетүүчү заводдорго берүүгө уруксаат берет. Кыргызстандык кичи мунай кайра иштетүүчү заводдорунун өндүрүштүк кубаттуулугуаларды толук кайра жандандыруу үчүн чийки заттардын жетишсиздигинен толугу менен же айрым бөлүктөрү токтоп калууда. Анык жүзүндө мунай кайра иштетүүчү тармакта бирдиктүү ишкана «Кыргыз Петролеум Компани» биргелешкен ишканасы иштейт. Ал негизинен «Кыргызнефтегаз» акционердик коому өндүргөн мунайды заводдун кубаттуулугуна күч келтирбеген көлөмдө өндүрүү менен кайра иштетет. 201-жылы кытайлык инвесторлор республикада Кыргызстандын ички рыногун эле эмес, өндүрүштөрдү Тажикстан жана Афганистанга экспорттоп жаткан ЖЧК «Чайна Петроль Компани «Джунда» ири мунай кайра иштетүүчү заводду ишке беришти. Заводдун негизги көйгөйү – бул чийки заттар менен камсыздоонун туруксуздугу. 2017-ж. карата Казакстанда чийки заттарды импорттоого мөөнөтүн токтотуп туруу келишими (мораторий) күчүнө кирген, ал эми Орусиядан алуулар бир макулдукка келген жок.       

Кыргызстандын мунайтрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча өлкөдө ай сайын 18 миң тоннага жакын күйүүчү май жана 31 миң тонна бензин колдонулат. 2025-ж.карата ЕАЭБда  мунайдын жалпы рыногун түзүү мунайгаз, мунайгазхимия, электркубаттуулугу, тарнспорт, металлургия, машина куруу тармактарындагы сервистик тейлөөлөр сыяктуу экономиканын башка өз ара байланыштагы тармактарын өнүктүрүү үчүн күчтүү стимулу болуп калат.   

Тейлөөлөр рыногу

Тейлөөлөрдүн бирдиктүү рыногу ЕАЭБ жөнүндө Келишим күчүнө кирген учурдан тартып 4 тармакта иштеп жатат. Кыргызстандык сейрек жана жогорку технологиялык кызмат көрсөтүүлөргө адистештирилген компаниялар жана адистер үчүн бул олуттуу мүмкүндүктөргө жол ачат. 2025-ж. карата Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү жана алуу улуттук режим шарттарында, башкача айтканда, сандык жана инвестициялык чараларды колдонуу менен, бир кыйла ыңгайлаштыруу режимин эске алуу менен жана өзүнчө учурлардан тышкары чектөөлөрсүз, алып таштоолорсуз жана кошумча талаптарсыз мүмкүн болот.  Жана эң башкы утушу тейлөөлөр менен камсыздоочунун башка мамлекеттин аймагында  юридикалык жак формасында кайталанган мекемеден бошотулушунда. Баарыдан мурда бул IT-компанияларына жаңы рынокторду кучагына алууга жол ачат. 2016-жылы бул чөйрөдөгү кирешелер 241 млн сомго (4 млн долл.жакын) жеткен, бул чөйрөдө 30га жакын компания иштейт, алар иш тапшыруулардын 70 (%) пайызын чет мамлекеттерден алышат. Иш тапшыруулардын көп бөлүгү – 39% Казакстандан келип түшөт.

Кыргызстанда көрсөтүлгөн рыноктук кызматтардын жалпы көлөмүндө маанилүү үлүштү - 75% же 386,7 млрд сомду (6 млрд долл. жакынын) дүң жана чекене соода жүгүртүү, автоунааларды оңдоо ээлейт. Бул анча технологиялык чөйрө болбогон кызматтар евразиялык рынокто атаандашууга кудурети жете турганына умүттөнүүгө болбойт. Тескерисинче болуп калышы мүмкүн, маселен, жүкташуу чөйрөсүндө (4% республиканын экономикасынын жалпы көлөмүндө) Орусиялык логистикалык операторлор жергиликтүү бириндеген унааташуучуларды маанилүү деңгээлде кысымга алып коюшту.

Билим берүүнүн (юридикалык, педагогикалык, фармацевтикалык жана медициналыктан тышкары) автоматикалык таануусун өзүнчө бөлүп көрсөтүүгө болот. Бул Кыргызстандан барып эмгектенгендерге Биримдикке кирген өлкөлөрдө квалификация талап кылуучу жумуш орундарына ат салышууга уруксаат берет.

Каржылар рыногу

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнүн жүрүшүндө 500 млн. долларлык казынасы менен Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) түзүлгөн. 2017-жылдын 28-апрелине карата абалы боюнча фонд 712 долбоорду 226 млн. долларга насыялаган, бирок 2017-жылдын жазына карата Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фонду табигый чектегичке дуушар болгон – РКӨФ күрөөлүк насыя багыты (насыянын суммасынын 120%) боюнча жүрүүчү квазибанк режиминде иш алып баргандыктан  Кыргызстандын күрөөлүк дарамети туура эмес эсептелген. А мындай күрөөлүк база бизнесте жок, өзгөчө мүлккө болгон баанын түшүшүнүн фонунда жок.

Кыргызстандын каржылык тармагынын негизин 25 коммерциялык банк (бирок аларга болгон талаптардын өсүшүнүн айынан банктардын жарымынан көбүрөөгү резерв деңгээли боюнча олуттуу тутумдук көйгөйлөргө кабылышууда) түзөт, насыялардын жалпы көлөмү 94,5 млрд сомду (1 млрд 399 млн долл. жакын) түзгөн. Бардык өлкөлөрдүн банк тутумунун ишмердигинин айырмалоочу мүнөзү – бул ички рыноктун чектүү масштабы. Республикадагы чоң жана аймактык кризистердин айлануу чегине жараша кымбат турган насыяларды жабуу үчүн кирешени түзө ала турган өндуруштөр барган сайын азаюуда. Бул өз кезегинде банктарды кайра түзүүгө, штаттарды кыскартууга алып келет. Алсак, эгер 2015-жылдын биринчи жарым жылында банк тутумунун таза кирешеси 1 млрд 188 млн сомду түзсө, 2016-жылдын биринчи жарым жылынын жыйынтыгы боюнча таза кирешенин көлөмү болгону 18,7 млн сомго гана (3 млн долл.жакын) жеткен.

2025-ж. карата кырдаал начарлайт жана бүтүндөй өлкө боюнча олуттуу филиалдык тармактары, банкоматтары жана  накталай эмес терминалдары бар банктар гана калат.  Ал эми Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду өзүнүн балансына насыя боюнча пайыздарын төлөй албай калган бир катар ишканаларды алууга жана сарпталган насыянын ордун толуктап алуу үчүн алардын активдерин сатууга аргасыз болот. Натыйжада алкагында фонд ачылган ошол логиканын катасы айкын болот. Өлкөдө бизнести өнүктүрүүгө арзан насыялар ( фонд аны жылына 5 % АКШ доллары менен берет) жетишсиз деп саналып келген. Бирок көйгөй андан да терең – өлкөдө инфратүзүмдөрдү камсыздоо, мыйзамдарды укуктук колдонуу, бизнест колдоо ж.б. боюнча алсыз мамлекеттик институттар.  

Жумушчу күчтөр рыногу

Кыргызстандын ЕАЭБ кирүүсүнөн негизги жана талашсыз пайдасы – бул эмгек мигранттарынын эркин жүрүүсү. Кыргызстан ЕАЭБ катышуучусу болгондон кийин Биримдиктин аймагында иштеген эмгек мигранттарынын абалы жакшырды.

Бир эле Орусияда  өлкөнүн алты миллиондук калкынын 700 миңге жакыны эмгектенишет. Жаңы эрежелерге ылайык, алар биримдиктин башка жарандарындай эле теңдеш укуктарга ээ болушту. Кыргызстандын жарандары Орусияда патентсиз, үлүшсүз, орус тилин билүү боюнча сынак тапшыруусуз жана башка уруксаат берүүчү документтерсиз эле иштей алышат. Бул мигранттардын жыл сайын 60 миңден кем эмес акчасын үнөмдөйт.

Бул эмгек мигранттарынын республикага кайтып келүүлөрүнүн мүнөздүү багыттарынын өсүшүн кыскартууга өбөлгө болду. Ошол эле учурда Орусияга Өзбекстандан жана Тажикстандан келген мигранттардын саны акырындык менен азаюуда.

Физикалык жактардын Росссиядан Өзбекстанга акча которуулары 2016-жыл үчүн 2,7 млрд. долларды, Тажикстанга — 1,929 млрд долл., ал эми  Кыргызстанга — 1,93 млрд долл. түздү. Бул Орусия Федерациясында эмгектенген кыргызстандыктар Тажикстандан же Өзбекстандан келген жарандарга салыштырмалуу бир кыйла азыраак болгондон киийнки көрсөткүч.

2017-жылдын апрелине карата Орусияда 633 миң кыргызстандыктар жашашат жана иштешет. Кыргызстандын тургундары үчүн Орусиянын жарандыгын алуу режими жөнөкөйлөштүрүлгөндүктөн 2002-жылдан 2010-жылга чейин (жаңы маалыматтар калкты кезектеги каттоодон кийин берилет) 70 000 ашык этникалык кыргыздар Орусиялык жарандыкка ээ болушкан. Орусиялык жарандыгы бар, Орусияда жашаган этникалык кыргыздардын жалпы саны азыркы күндө 103 422 адамдан кем эмес.

2107-жылга карата ЕАЭБ алкагында эмгектенгендердин жүрүү эркиндиги дээрлик толук көлөмдө актады: патент алуу жана ал үчүн айына 2 миңден 8 миңге чейин рубль төлөө зарылдыгы жок, эмгектенгендердин убактылуу жүрүү мөөнөтүн иш берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишими аныктайт, орус тили, тарыхы жана укук боюнча сынактарды берүү жоюлган. 2017-жылы ( $2,4 млрд.) жана 2018-ж. ( $2,6 млрд.) РФ жана Казакстанда эмгектенгендердин акча которуулары боюнча абсолюттук рекорд коюлган. Мигранттардын акча которуу үлүшү боюнча Кыргызстан дүйнөлүк ИВӨ эки жыл удаасы менен биринчи  орунду ээледи. Бул рейтингде ал Тажикстанды жана Тонга полинезий падышалыгын артка калтырган.

Кыргызстан ИДӨгө карата акча которулары боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат

Акча которуулар, % ИДӨ, 2017-жыл

2025-жылга карата кыргызстандыктар жана орусиянын жарандыгын алган этникалык кыргыздар үчүн негизги көйгөй болуп орусиянын эмгек рыногундагы жогорку маяналуу жумуш оурндарынын кыскарышы болот. 2014-2015-жылдардагы рублдын долларга карата девольвациясынан кийин (ал аркылуу Кыргызстандын улуттук валютасы – сомго карата), андан улам коммерциялык жана мамлекеттик секторлордогу эмгек акылардын тоңдурулушунан кийин кыргызстандыктар өздөрүнүн иштөө стратегиясын алмаштыра башташты. Эгер 2000-жылдардын баштап 2015-2016-ыжлдарга чейин кыргызстандыктар Орусия келип, укуксуз, жарым-жартылай мыйзамдуу гастарбайтер болуп, бир батирде 10-20 кишиден жашоого макул болуп, өздөрүнүн Кыргызстандагы үй-бүлөлөрүнө эмгек акысынын чоң бөлүгүн салууга даяр болсо, 2017-жылдан тартып башка тенденция байкала баштады. Мына ошол 2025-жылга карата басым жасай баштайт. 2017-жылдын башына карата 300 миң кыргызстандык эмгек келишимин түзгөн (ЕАЭБге мүчө боло электе расмий түрдө 25-28 миң киши гана иштеген) жана бул тенденция барган сайын өсөт. Мыйзамдуу жумушка орношуу жана ЕАЭБдин алкагындагы өзгөчө статус Кыргызстандан барган (орус тилин жакшы билген) эмгекчилерге жакшы позицияларга ээ болууга мүмкүндүк берет (менеджер, башкаруучу, интеллектуалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн жумушчулары), а бул өз кезегинде миграциянын өзүнүн стилин өзгөртө баштайт. Ал узак мөөнөттүү болот, үй-бүлөлөрү менен көчүп кетишүүдө, Кыргызстанга акча которуу үчүн “керек” болгон (ашыкча аракетердин кереги жок (негизинен балдарына которушчу, чыгымдар өсүп жатат, маданий эс алууга, турак жайга, тамак-ашка).  

Өзүнчө тренд – Орусияда төмөнкү квалификациялуу эмгекке болгон талаптын төмөндөшү – келечекте 2025-жылга чейин. Курулуш компаниялары мурдагыдай көп сандаган төмөнкү квалификациялуу жумушчу күчтөргө муктаж эмес, орусиялык ишканалар турак жай коммуналдык чарбасындагы өндүрүштү автоматташтырууга, физикалык эмгекке болгон талапты төмөндөтүүчү техниканы сатып алууга өтүп жатышат (көп жылдык тажрыйбасы бар кадрлар дагы жумушсуз калышууда).

***

2025-жылга карата ЕАЭБде бирдиктүү өндүрүштүк комплекстерди түзүү аркылуу Биримдиктин калкынын жалпы жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн товардын, кызмат көрсөтүүнүн, капиталдын жылып жүрүүсүн камсыз кылган негизги эркиндиктер иштеп баштайт. Кыргызстан үчүн бул жакынкы сегиз жылда экономикада, бизнесте, финансы чөйрөсүндө өзгөрүү жүрөт дегенди билдирет, алар жаңы социалдык-экономикалык моделдин түзүлүшүнө алып келет. Өлкөнүн экономикасынын негизги тармактары болуп тоо кен өндүрүү (алтын, жез, алюминий), эмгек мигранттарынын акча которуулары жана айыл чарбасы кала берет.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн валюталар курсунун айыгышкан отаандаштыгында республиканын тигүү тармагы модернизацияланат, аны менен жумушчу орундарын түзүү жана инвестицияларды тартуу боюнча флагман болот. Айыл чарбасы түп тамырынан өзгөрөт, механизациясын жогорулатуу менен бекемделип, сырткы рынокко багыт алат. Мөмө-жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча бир катар кластерлер пайда болот. Этти кайра иштетүү тармагында жакшы өзгөрүүлөр байкалат, тилекке каршы 2025-жылдан кечирээк, анткени ири мүйүздүү жандыктардын эт породаларын өстүрүү боюнча цикл көп акчаны жана долбоорду ишке ашыруу үчүн убакытты талап кылат. Айыл чарбасынын бир катар тармактары пайдасыз болуп калат, мындан улам республика өзүнүн климаттык артыкчылыктарын эске алып, беш-жети азыкты өстүрүүгө адистешип калат. Өлкөдөгү эмгек мобилдүүлүгү (жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эмгектенип жаткандардын которуулары) төмөнкү квалификациялуу жумушчу күчтөрүнө төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн талаптарынын төмөндөшүнөн жана эмгек мобилдүүлүгүнүн моделинин өзгөрүшүнөн олуттуу шокту башынан кечирип жатат (акча табууга эмес, чет өлкөдө карьера жасоо пайдалуу болуп калды).

Жалпысынан Кыргызстандын ЕАЭБке мүчө болуусу жана анын башка компанияларынын алдында рыногунун ачылышы (жергиликтүү кредиттин кымбаттыгын эске алганда) жогорку кирешелүү ченемдери бар жергиликтүү ишканалардын чоң бөлүгү чет элдик капиталга туура келе тургандыгына алып келет. Ал эми майда өндүрүштүн бирк атары “180 миллиондуу рыноктун бар мүмкүнчүлүктөрүн” көтөрө албай, рыноктогу өздөрүнүн үлүшүн орусиялык, казакстандык жана белорусиялык компанияларга алдырып жиберет. Кайсы бир деңгээлде республика чыгыш европанын өлкөлөрүнө окшош болуп калат, аларда Германия жана Франция сыяктуу гиганттардын алдында өндүрүлгөн нерселер аз. Бирок, экинчи жагынан интеграциянын регионалдык процесстерине кошулгандыгы бар. Алар дүйнөлүк рынокторго продукциянын сапатын жогорулатуу аркылуу чыгууга мүмкүндүк берет. Анын үстүнө ЕАЭБде азырынча продукциянын ашыкча өндүрүлүүсү жүрө элек, мүмкүнчүлүктөрдүн терезеси бар (өздөрүнүн салыктарын, географиялык жоболорун, улуттук валюталар оюнуун аныктоо эркиндиги бар).

Ушул трансформациялар Кыргызстандын элитасын интеграциялык долбоорлордон чыгуусу үчүн азыгыра берет. Бирок, акырындык менен түшүнүү жүрөт. 2025-жылга карата оор трансформациялык мезгил макрорегиондын алкагында экономиканын салыштырмалуу жаңы социалдык-туруктуу моделин түзүү мүмкүнчүлүгүн берет (мамлекеттик медежментти жакшыртуу шартында гана). Биримдиктен чыгуу экономиканын буга чейинки моделине кайрып келбейт, ал жылдардын арасында унутулуп калды. Жаңы модель көпчүлүк жагынан ЕАЭБ менен соодалашууга, инвестицияларга негизделет, бирок бул республиканын калкынын кеңири катмарына үчүн жашап кетүү программасы. Жашоону сапаттуу жакшыртуу өнүгүүнүн кошумча программаларын ишке киргизүү аркылуу гана мүмкүн.