Дааратканада узак олтурган кытайлык жигиттин көтөн чучугу түшүп калды

8 ноября 2018

Ооруканада дарыланып жатып унитазда оюн ойноп, көп олтурган кытайдын тургуну башка ооруканага түшкөн, деп Daily Mail басылмасы кабарлайт.

Окуя Кытайдын Чжуншань шаарында Гуандун аймагында орун алган. Унитазда көпкө олтурган жигит “кызыктай нерсенин” чыкканын байкаган. Ооруканада жаткан жигит адатта дааратканада уюлдук телефондон көп оюн ойногондуктан, узак олтурарын айткан. Ал эми дарыгерлер “уюган нерсе” жигиттин көтөн чучугу экенин аныкташкан.

Дарыгерлердин айтымында, көтөн чучуктун түшүп калышы унитазда көп олтургандан болушу мүмкүн. Жигиттин ден соолугун көзөмөлдөгөн дарыгердин айтуусу боюнча, бир нече жыл мурда анын ден соолугунда көйгөйлөр жаралган. Бирок, тийиштүү деңгээлде дарыланбагандыктан, оорусу өтүшүп кеткен. Азыркы убакта ысымын жашырууну туура көргөн жигит дарыланып жатат.

Белгилей кетсек, түз ичегинин түшүп калган учурлары улгайган адамдар менен балдарда көп кездешет.