Төшөк кумары учурунда ар бир адам кетирүүчү 10 ката

27 августа 2019 Төшөк кумары учурунда ар бир адам кетирүүчү 10 ката

Көпчүлүк жигиттер жана кыздар сүйүктүүсүнө сүйүүсүн билдирип, кездеше баштайт. Бирок, иш секс жаатына жеткенде, анда баары жылмакай эмес экени биринчи көз карашта билинет. Эмесе каталарды талдоодон баштайлы!

1. Оргазмды имитациялоо

Биринчи суроо – эмне үчүн?

Кыңкыстоо, кыйкырык, көздөрдү айландыруу – мунун баарын аял өзүнө “жакшы” экенин көрсөтүү үчүн колдонуп келет. Ишенип коюңуз, тажрыйбалуу эркектер бул ырыкат алуунун чыныгы көрүнүшү эмес экенин дароо түшүнүшөт, анан калса сиз роль ойноо үчүн театрга тапшырып жаткан жоксуз да.

2. Башкалар менен салыштыруу

Муну такыр жасабай эле койгон жакшы, айрыкча жакындашуу учурунда пайдасы жок. Бул маселе боюнча өз оюңузду жаап-жашырууга жана алдоого аракет кылбаңыз, сиздин жарымыңыз таарынып, же ал тургай муну менен алектенип жаткан учурда кетип калышы мүмкүн.

3. Чындыкты бетке айткандар

“Оо, мынча кичинекей!”, “Көйнөк ичинде сенин көкүрөгүң чоң көрүнчү!”, “Эмнегедир сен тез бүттү, сенде дайыма ушундайбы?”. Бул өнөктөштүн кызыгуусун жоготуп гана койбой, секске болгон каалоосун жок кылган фразалардын аз бөлүгү гана. Мындай сөздөрдөн кийин ал сиз менен сүйлөшүүнү токтотууга аргасыз болот. Сөздөрүңүзгө сак болуңуз.

4. Бөтөн темада сүйлөшүү

Эгер сиздин кечкиге пландалган ишиңиз бар экенин эстесеңиз, анда бул тууралуу секс учурда өзүңүздүн өнөктөшүңүзгө айтпай эле койгонуңуз туура. Анткени, бөтөн темадагы сүйлөшүүлөр көбүнчө тез бүтүүгө алып келет. Ал эми жыйынтыгында  эки өнөктөш тең нааразы бойдон калат.

5. Жалкоолук

Төшөктөгү эң жаман нерсе – бул пассивдүүлүк. Эсеңизде болсун, секс – бул эки киши алек болчу иш, эки тараптан тең горманияны жана демилгени талап кылат. Эреже болгондой, “отундар” көбүнчө жалгыз калышат, экинчи жолу процесс кайталат деп ишенбей эле коюшса болот.

6.  Жогорку активдүүлүк

Баардык нерсе ченеми менен жакшы, бирок бул ченемди дагы билүү керек. Эгер сиз ар жарым мүнөт сайын позаны же дагы башка нерсени өзгөрткүңүз келсе, анда иш такыр кайталанбай калышы мүмкүн. Сексти тез жүрүшкө айландыруунун кереги жок: керебеттен столго, терезенин текчесине жана кайра керебетке... Өнөктөшүңүз учурдан ырахат алуусуна мүмкүндүк бериңиз.

7. Өзүмчүлдүк

Эгер сиз башка адам менен узак мамилени пландаган болсоңуз, секс жана өзүмчүлдүк шайкеш келбейт. Бул иш эки тарапка тең ырахат алып келиши керек. Ойлонуп көрүңүз, эгер сиздин экинчи жарымыңыз сизди жалаң өзүнүн физикалык муктаждыгы үчүн колдонуп, кийин кетип калышын каалайт белеңиз?

8. Сүйлөбөө

Секс – бул сурак эмес, ал сезимге эркиндик берген иш. Ал сезимди башыңыздан өткөрүп жаткан учурда өзүңүздүн денеңиз менен эмоцияңыздан уялбаңыз. Бул иштин жүрүшүндө аялдын үндөбөй калышын эркектер жактырышпайт.

9. Мурунку мамилер жөнүндө сүйлөшүү

Мурунку мамилеңиз тууралуу төшөктө да, күнүмдүк турмушта да эч качан сөз кылбаңыз. Бул ыкма кечтин баардык абасын, балким мамилени дагы бузат. Сизге мурда мамиледе болгон адам эмнелерди жазарын, же чаларын өзүңүздүн өнөктөшүңүзгө айтуунун кереги жок.

10. Өз денесинен уялуу

Айымдардын 85 пайызы өзүнүн денесине ыраазы эмес. Ар бири бир нерсени кошуп же алууну каалашат. Эсиңизде болсун, чектен ашуунун кажети жок. Анткени, бул эч кандай жакшылыкка алып келбейт. Ал эми өзүнө болгон ишенимдүүлүктү узак убакытка жоготушу мүмкүн. Эгер сизди экинчи жарымыңыз  сүйсө, анда ал баардык кемчиликтериңизге карабай сизди кабыл алат.