Бишкектин көркүн бузган курулуштар түрттүрүлдү

27 августа 2019 Бишкектин көркүн бузган курулуштар түрттүрүлдү

Чыгыш-5 кичи районуна парк куруу пландалууда.

Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы борбор калааны мыйзамсыз курулуштардан арылтуу ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чыгыш-5 кичи районуна парк куруу максатында андагы киоск ээсинин макулдугу менен алынган.

Мындан башка дагы курулуштар түрттүрүлгөн:

- Фурманов менен Славян көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки кабаттуу дүкөн менен сулуулук салону;

- Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги контейнер;

- Юнусалиев, 56/2 дарегиндеги павильон;

- Бейшеналиева, 15/1 дарегиндеги 4 павильон, 2 бастырма (ээлери өз ыктыяры менен алып салган);

- Месароша көчөсүндөгү 40 тонналык контейнер (ээси өз ыктыяры менен алган).

sputnik.kg