Булгаары буюм аларда төмөнкү кеңештер эсиңизде болсун

8 ноября 2018

Бүгүнкү күндө соода борборлоруна баш баксаңыз адамга керектүү нерсенин баарын табасыз. Бир заттын баасы менен сапатына карап бир нече түрүн тандоого болот. Ал тургай, ошол нерсенин түп нускасынын көчүрмөсүн ажыратуу кыйын. Эгер булгаарыдан жасалган кийимдерге кызыгып, бирок анын түп нуска же көчүрмө экенин айырмалай албасаңыз, төмөндөгү кеңештерге кулак түрүңүз.

Булгаарыдан жасалган буюмдардын жасалма же табигый экенин жыты аркылуу ажырата албайсыз. Себеби, товар өндүрүүчүлөр ага түрдүү ароматизатор кошушат.

Алгач сырткы фомасына көңүл буруңуз. Байкап карасаңыз, таза булгаарынын табигый оюктары (гравюра) болот. Ал эми жасалма булгаарыдагы сүрөттөрү бири-бирине окшош келет. Табигый теринин серпилмелүүлүгү да жогору. Ошол үчүн, товарды кармаган кезде издер пайда болуп, кайра калыбына келтиргенде ал жоголот.

Оттун таасири. Соодагерлер товардын түп нуска экенин билүү үчүн отко тийгизип аныктоо жолун көп колдонушат. Бирок, абдан кооптуу. От тийген учурда товар бузулуп, из калып калышы мүмкүн. Жасалма териге от жакындатса, жыйрылып, кара түтүн чыгат. Ал эми табигый териден жасалган буюм оңой менен күйбөйт. Биринчи жыт чыгарып, акырын жыйрылат.

Таза булгаарыдан жасалган товарды анилиндүү каптама менен каптап чыгарган өндүрүүчүлөр да бар. Мындай учурда булгаары заттын отко бүлүнүү коркунучу жогору болот. Ошондуктан, кээде товардын сапатын аныктоо үчүн бул жол да жардам бербеши мүмкүн.

Суунун таасири. Таза булгаарыдан жасалган буюмдарга суу сиңет жана ордунда так калат. Ал эми жасалма булгаарыга суу сиңбейт. Бул жолду ачык түстүү кийимдерди (жеңил күрмө ж.б) алар кезде колдонсоңуз болот. Мындан тышкары, табигый териден жасалган буюмдун салмагы жасалмага караганда оор болот.

Материал үлгүсү. Жасалма теринин негизги курамы токулма кездемеден же анын ордун алмаштыруучу башка заттардан турат. Бүгүнкү күндө товар өндүрүүчүлөр заттын таза булгаарыдан экенин аңдоо үчүн материалдын атайын бир кесиндисин калтырып коюшат. Аталган кесиндиден тери талчасын байкасаңыз же товардын өндүрүлгөн өлкөсүн билдирген “genuine leather, vera pelle, cuir, echtleder” деген сыяктуу жазууларды окусаңыз, өнүм табигый булгаарыдан жасалган деген сөз. Бул кесиндилер капчыктарда, аялдарга арналган сумкаларда, бут кийимдерде көп кездешет.