Итин өтө жакшы көргөн аял бутунан айрылды

26 августа 2019 Итин өтө жакшы көргөн аял бутунан айрылды

Американын Висконсин штатынын Райс-Лейк шаарынын тургуну суук тийгизген учурда инфекция жуктуруп алат. Анын натыйжасында бутун кесүүгө туура келет.

2015-жылы июда 37 жаштагы Алиша Кеннен тумоолоп жаткан кезде итти кучактап ойнойт. Бир нече күн өткөндөн кийин ал ооруканага колу ооруп жатканын айтып кайрылат. Аялдын абалы начарлап, ичинен кан коюулуп, бир нече дене мүчөсү иштебей калат.

Белгилүү болгондой, аял иттен стрептококк жуктуруп алган болот. Ал аялдын канына кирип, жугуштуу токсикалык шокко алып келет.

Кеннендин бутунун учуна кан жеткиликсиз болгондуктан, ткандар өлүп, гангрена башталат. Инфекциянын таралышын болтурбоо үчүн Кеннен бутунун манжаларын кестирип салат. Аял эки ай ооруканада жатып дарыланат. Төрт айдан кийин инфекция кайра башталат. Анда кенен бутунун башын кестирет. Акыркы рецидив 2019-жылы болуп, анда аял тизеге чейин ампутацияланат.

Кенненге дарылануу акысын төлөө үчүн 6,99 миллион сом (100 миң доллар) керек. Учурда жетпей жаткан акчаны Facebook менен Gofundme сервиси аркылуу жыйнап жатат.