Аялдардын эсебинен жашаган эркектер же альфонстор кандай болушат?

26 августа 2019 Аялдардын эсебинен жашаган эркектер же альфонстор кандай болушат?

Бул оош-кыйыш жашоодо эл өз нанын таап жеп, үй-бүлөсүнүн камын ойлоо максатында тынбай иштеп жүрөт. Анткени, жашоо эмгекчилдерди сүйөт. Ал эми эмгекти сүйбөй, башканын эсебинен күн көрүп жүргөн колу-буту соо эркектерди башкалардан кантип ажыратууга болорун сиз билесизби? Билбесеңиз, мындай адамдарды бирге аныктайлы. Бирөөнүн эсебинен күн кечкендерди кыргызда “арам тамак” же “жатып ичер” деп айтып коюшат. Мындан тышкары, башканын эсеби менен жашагандар дагы кандай болушат?

Алар “Эмгектин наны таттуу” деген макалды түшүнүшпөйт. Түшүнгүсү да келбейт.

Алар башканын маңдай тери менен тапкан акысын бөлүшүүдөн уялбайт. Анткени, алар үчүн мунун эч кандай уят жери жок.

Алар үй-бүлө курууга ашыкпайт. Курган күндө да аялынын акча таап, өзүнүн үйдө колуна пульт кармап жатканын кыялданышат.

Алар бирөөнүн муздаткычын ачып, каалаган убакта каалаган тамагын жегенден, “бүгүн кандай тамак” деп казандын бетин ачып карагандан тартынбайт.

Мындай адамдар башканын буюмун өзүнүкүндөй көрүшөт. Алар үчүн бирөөнүн жеке буюмун пайдалануу маселе эмес.

Алар чөнтөгүндө акчасы турса да, өздөрүн акчасы жоктой алып отура беришет.

Алар бирөөнүн жасаган жакшылыгын каалаган убакта унутуп кете беришет. Башканын эсебинен жашап жүргөнү өзүнө билинбейт.

Алар колуна акча тийген учурда жоголуп кетишет да, баарын коротуп болгон соң гана пайда болушат.

Алар келечегин ойлошпойт. Бүгүнкү күнү менен гана жашашат.