Зордуктаган кишиден боюна бүткөн: Баласы боюнан түшүп калган эне 40 жылга соттолуп кете жаздады

26 августа 2019 Зордуктаган кишиден боюна бүткөн: Баласы боюнан түшүп калган эне 40 жылга соттолуп кете жаздады

Сальвадордун соту боюнан түшүп калганы үчүн 40 жылга соттоло турган 21 жаштагы Эвелин Эрнандести актап чыкты. Укук коргоочулар муну Сальвадордогу аялдар үчүн жеңиш деп аташты.

“Кудайга шүгүр, адилеттик ордону. Окуумду улантам, алдыга койгон максатыма жетүү үчүн болгон күчүмдү жумшайм. Мен бактылуумун”, - дейт Эвелин.

Эвелин Эрнандес сотто өзүнүн күнөлүү эмес экендигин айтып актанган. Айтымында, ал 18 жашында зордукталып, боюна бүтүп калат. Бирок, кыздын боюнан түшүп, кыз эсин жоготуп коёт. Прокурорлор кызды 40 жылга экркиндигинен ажыратууну суранышат. Ал эми Сальвадордогу аял укугун коргоочулар кыздын бошотулушун талап кылышат.

Сальвадордо бойдон алдырууга катуу тыюу салынган. Кандай шарт болсо да, бойдон алдырууга болбойт. Мыйзам боюнча, ал үчүн 2 жылдан 8 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Ал эми Эрнандестин иши “киши өлтүрүү” беренеси боюнча каралган. Мындайда эң кеминде 30 жыл берилет. Аталган өлкөдө мындай иш биринчи жолу каралып жатат.