Баюуга тоскоол болгон адаттар

23 августа 2019 Баюуга тоскоол болгон адаттар

Адамды ийгиликке аракети гана жеткирет. Жетишпей жашаган адамдардын жашоосун кайталап жашабаш үчүн, кедейликке алып келген “негизги” адаттарды карап чыгалы.

Көпчүлүк адамдар өмүр бою акчанын жетишсиздиги менен алышып келет. Бай туугандар деле кедейликтен кутулта албайт. Себеби эмнеде?

1. Өзүн өзү аёо сезими. Кедей адам байлык мен үчүн эмес деп өзүн аяп келет. Кедейликти ага тагдыр буйруган деп эсептейт. Алар бай үй-бүлөдө туулбагандыгына өкүнөт. Өзүн аёо – бул түбөлүк кедейликке алып келет.

2. Баарын акча менен эсептешет. Кедейлер акча – бул негизги байлык дешет. Акчаң көп болсо, бактылуу жана бай болосуң. Бирок, андай эмес. Акчадан да маанилүү болгон баалуулуктар бар.

3. Терс ой жүгүртүү. Психологдор терс эмоциялар менен ойлор жашоо образына таасирин тигизерин аныкташкан. Канчалык жашоого наразы болсоң да, аны үчүн акча кошулуп байып кетпейсиң. Туура, жакшы маанайда ой жүгүртткөн адам гана ийгиликке жетишет.

4. Өзүнүн көз карашы жок адам. Ийгиликтүү адамда өзүнүн көз карашы болот. Кедей адамдар башка бирөөнү туураганды, анын пикирине кошулганды туура көрүшөт. Муну менен алар өзүн өнүктүрүүгө убакыт таппайт.

5. Баарына бир убакта ээ болууну каалоо. Кедей адамдардын белгиси – жаңы нерсе үйрөнбй, иштебей, баарына ээ болуу. Мындай адамдар үчүн эң негизгиси алык акы. Алардын жүрүм-туруму колдонуучулук мүнөзгө ээ.

6. Наразы эле боло берет. Жашоо кыйынбы? Коррупция, бөлүп-жаруу күч алып жатабы? Ошон үчүн байый албай жатасыңбы? Ар бир ийгиликсиз адам “ооба” деп жооп берет. Айланада болуп жаткан окуяларга наразы боло берсең, эч качан алдыга жылбайсың.

7. Жакпаган иште иштөө. Жакпаган иште иштегендер – ийгиликсиз жана кедей адамдар. Сенден таап кылган ишти эмес, сага ырахат, кубаныч жана киреше алып келген иште иштешиң керек.

8. Ысырапкорлук. Кедей адамдын негизги максаты – акча табуу жана аны дароо коротуу. Ал келечек жөнүндө ойлобойт. Тапкан акчаны туура пайдалана билбейт.

9. Туруктуу, тынч жашоо адаты. Мындайларга аз болсо да, туруктуу келип турган акча маанилүү. Жыйынтыгында мындай адам айлыктан айлыкка чейин жашайт.

10. Убакытты созуу. Кедей адамдардай ойлонон адам убакытты созуп, эч нерсе кылбайт. Анан акча жетпеген учурда күнөлүүлөрдү издей баштайт.