Өзбек спортчусунун видеокайрылуусун эки өлкөнүн министрлери талкуулады

23 августа 2019 Өзбек спортчусунун видеокайрылуусун эки өлкөнүн министрлери талкуулады

Коомдо резонанс жараткан кайрылуу боюнча кылмыш иши козголгон.

Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Абдулазиз Камилов телефон аркылуу коңшу өлкөнүн спортчусу жасаган видеокайрылууну талкуулашты.

Эскерте кетсек, 18-августта Ош облусунда кулатуу боюнча эл аралык мелдеш өтүп, ага Өзбекстандан 27 жаштагы Нурсултан Розибоев да катышкан. Турнирдин жыйынтыгына нааразы болгон мушкер Instagram баракчасы аркылуу кыргызстандыктар тууралуу видеокайрылуу жасаган.

Улуттук ар намыска шек келтирген кайрылуу боюнча Ош облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин негизинде ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу") сотко чейинки өндүрүшкө алып, иликтөө баштаган. 

Кайрылууга себеп болгон турнирдин уюштуруучулары да чакырылып, өзбек спортчусу Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендиктен иш Минск конвенциясынын алкагында жүргүзүлмөкчү болгон.

Эки министр коомдо резонанс жараткан кайрылууга көңүл буруп, бул маселенин калыс иликтенишин жеке көзөмөлдөрүнө алууну макулдашышты.

sputnik.kg