Жылына 90 миллион доллар. Forbes эң көп киреше тапкан 10 актёрду атады

23 августа 2019 Жылына 90 миллион доллар. Forbes эң көп киреше тапкан 10 актёрду атады

Кирешелүү актёрлордун көбү "Мстители" тасмасына тартылгандар экени аныкталган.

Америкалык Forbes журналы бир жылда эң көп киреше тапкан актёрлордун тизмесин жарыялады.

Forbes рейтингди түзүүдө 2018-жылдын июнь айынан 2019-жылдын июнь айына чейинки убакытты алган. Тизменин сап башына жакында сүйүктүүсүнө баш кошкон Дуэйн Жонсон чыккан.

Эң кызыгы, тизмеге кирген 10 актёрдун дээрлик жарымы "Мстители" тасмасынын актёрлору.

Дуэйн Жонсон — 89,4 миллион доллар

Крис Хемсворт — 76,4 миллион доллар

Роберт Дауни — 66 миллион доллар

Акшай Кумар — 65 миллион доллар

Джеки Чан — 58 миллион доллар

Брэдли Купер — 57 миллион доллар

Адам Сэндлер — 57 миллион доллар

Крис Эванс — 43,5 миллион доллар

Пол Радд — 41 миллион доллар

Уилл Смит — 35 миллион доллар

sputnik.kg