Официант Мерилин Монрого окшошуу үчүн 10 000 евро коротту

8 ноября 2018 Официант Мерилин Монрого окшошуу үчүн 10 000 евро коротту

Франциянын 32 жаштагы официант Кирилл Ру Мерилин Монрого айлануу үчүн ар эки ай сайын өзүнүн оозуна ар кандай химиялык заттарды колдонот.

Кирилл элдердин аны сөөмөйү менен көрсөтүп, күлүшкөнүнө капаланбайт. Ал өзүнүн оригиналдуу келбети менен сыймыктанат. Кирилл ар кандай ооз чоңойтуу жана ботокско 10 миңге жакын евро короткон. Дагы ал Мерилин Монронукундай мурун менен жаак жасатканы жатат.

“Мени башында косметикалык процедуралар кызыктырып жатты, анткени мен жаш көрүнүүнү жана мага эргүү тартуулаган – Мерилин Монрого окшошууну кааладым”, - дейт Кирилл.

26 жашымда менин биринчи процедурам – ботокс сеансы болду. Бул чоң тажрыйбага айланды жана мени көп нерсени каалашыма түрткү берди.

 

“Акыркы бир жарым жыл ичинде мен жыйырмадан ашык процедураны башымдан өткөрдүм. Ага кошо эрин толтургучтардан он алты инъекция алдым. Эки ай сайын ар бир эринге бир миллилитр толтургучту кошуп турам” – дейт.

Кирилл косметикалык өзгөрүүлөргө көз каранды болуп калганын мойнуна алды жана эми ал мындан ара дагы процедураларды пландап жатканын айтты.

Азыр ал кийинки операцияны пландаштырып жатат. Аны Тунистен жасатат. Атлаган мурун пластикалык операциясы үчүн 2300 евро чогултушу керек.