Адистер толук адамдар ысыктан өздөрүн жаман сезет деген пикирди четке кагышты.
Салмагы ашыкча адамдардын май катмары ысыктан жеңил көйнөктөй эле сактагандыктан аптаптуу мезгилде өздөрүн жакшы сезишет. Бул туурасында РИА Новости россиялык окумуштуулардын пикирине таянуу менен жазды.
Алар иликтөөнү 2010-жылдагы мээ кайнаткан ысыктан кийин жүргүзүп башташкан. Адистер ысык аба ырайы адамдын ден соолугуна кандай таасир этерине кызыгышкан.
"Аптап учурунда толук адамдын жүрөк-кан тамыр илдеттери оорлошуп, өлүм тобокелчилиги жогорулабайт. Тескерисинче, алар өздөрүн жакшы сезишет", — дешкен окумуштуулар.
Адистер түшүндүргөндөй, тери алдындагы май ткандары ысыктын өтүп кетишине тоскоолдук жаратып, жеңил көйнөктөй роль аткарат. Мындан улам алар толмоч адамдар ысыкка чыдамдуу деген пикирге келишкен.
Окумуштуулар ысыктын ченемден ашып кетиши бардык адамдарда бир катар ооруларды күчөтө турганын белгилеген. Алар - кант диабети, өпкө оорусу, неврологиялык, психикалык, язва жана бөйрөк илдеттери. Ошондой эле уйкуга таасирин тийгизет.