Кыжырды келтирген кесиптештер: сенин жумуштагы жашооңду бузгандар тууралуу сөз кылабыз

22 августа 2019 Кыжырды келтирген кесиптештер: сенин жумуштагы жашооңду бузгандар тууралуу сөз кылабыз

Досторду адам өзүнө өзү тандайт, бирок жумушта андай эмес. Жаңы жумушта жаңы кесиптештерге туш болосуң. Бүгүн биз кандай кызматкерлер кесиптештер ортосундагы жашоону бузат.

Идеалдуу коллектив болбойт. Кызматкерлер адамдын темпераментине жана аткарган ишинин сапатына карабай, баары менен мамиле кылууга туура келет.

Адамдын өмүрүнүн көп бөлүгү жумушта өтөт. Ошондуктан, коллектив менен жакшы мамиледе болуу керек. Бирок, айрым кесиптештер менен баарлашууну азайтып, жумуш боюнча гана сүйлөшүүгө туура келет.

Бүгүнкү темада жумушта бизге тынчтык бербей келген адамдар тууралуу сөз кылабыз.

Өтө көп сүйлөгөн адамдар

Жумушта сүйлөшө турган адамдын болгону жакшы. Алар өргүү, үй-бүлө, аба ырайы, башка кызматкерлердин жашоосу тууралуу сөз кылганды жакшы көрүшөт. Бирок, өтө көп сүйлөй турган адамдар да бар. Алар жумуш убактысын алат. Мындай адамдардан оолак болгон жакшы.

Маанилүү иштерди артка жылдырган адамдар

Мындай адамдар түрдүү себеп таап, жумушту эртеңкиге жылдырып келет. Мындай адамдарга ишенүүгө болбойт. Мындайлар өзү менен кошо башкаларды дагы артка тартат.

Акылдуулар

Көптөгөн суроолорго жана кырдаалдарда аларда мындай жооп болот: “Ушу да кеппи! Ушуну да билбейсиңби? Экичи десе...”

Акылдуулар жумушта баарын үстүдөн карап, элди билимсиз деп эсептешет. Алар ката кетирсе дагы моюндарына албайт. Булар адамды теңине албайт, көп сындашат, кырдаалга туура эмес баа беришет. Ошондуктан, булардан алыс болгон жакшы.

Курмандыктар

Мүнөзү боюнча өзүн курмандык сезген адамдар жумушта дагы өзүн курмандыкмын деп эсептешет. Алар көбүнчө таарынып, ызаланып эле жүрүшөт. Бир жагынан бул алар үчүн пайдалуу, кесиптештеринен колдоо табат. Экинчи жагынан, алар ушул жол менен өздөрүнүн күнөөсүн башкаларга оодарып салат.

Коргоочулар жана шыкакчылар

Жумаштагы гормания алар үчүн эмес. Алар кесиптетеринин ортосуна чагым салып, кагыштырганды жакшы көрүшөт. Алар жөн иштөө дегенди билбейт. Эгер каршылык көрсөтүп, өз оюңду түз айта турган болсоң, анда дароо эле номер биринчи душманга айланасың.

Кесиптештердин мүнөзүн өзгөртө албайсың, бирок аларга карата өзүңдүн мамилеңди өзгөртсөң болот... Сенде да жогоркудай кесиптештердин түрү болсо керек?