Түркмөнстанда кыздыгы жок кыздардын энелерин мектепке чакыртып, бүт баары шерменде кылууда

8 ноября 2018

Түркмөнстандын Дашогуз шаарындагы мектептерде, дагы бир катар аймактардын борборлорунда окуучу балдардын телефондорунан порнографиялык видео жана фото издеп, окуучу кыздарды гинекологиялык текшерүүгө жөнөтүүдө, деп centralasian.org басылмасыкабарлайт.

Түркмөнстандын түндүгүндөгү облусунда өткөн аптада жергиликтүү билим берүү мекемесине улуттук коопсуздук кызматынын, полициянын кызматкерлери жана дарыгерлер алдын ала эркертүүсүз сабакка келип, жогорку класстын окуучуларынын телефондорун чогултуп алышкан. Андан кийин гана телефондордон мультимедиалык файлдарды текшере турганын айтышкан.

Мындай текшерүүнү жүргүзүүгө облус акиминин билим жана маданият боюнча орун басары тапшырма берген.

“Текшерүүгө келгендер баардыгыбыздын телефондорубузду чогултуп алышты. Алар эмнени текшере тургандыгын түшүндүрүшкөн эмес. Бирок, кийин порнографиялык файлдарды издегенин айтты. Окуучулардын дээрлик баарынын мындай файлдар табылды”, - дейт Дашогуз облусунун Гурбансолтан районундагы орто мектеп окуучусу.

Анын айтымында, порнографиялык файлдар табылгандан кийин уюлдук телефондорун алып коюп, мектеп окуучуларынын ата-энелерин чакырып, чогуу маектешкен.

“Жогорку класстагы кыздарды бир катарга тургузуп алып, мектептин медпунктарында текшеришти. Кыздыгы жок кыздардын энелерин чакырышып, бүткүл мектепке уят кылды. Ушул текшерүүдөн кийин мектеп директору жумуштан алынды”, - деп жазылат.

Дашогуз жергиликтүү акимчилигинин өкүлдөрү текшерүү себептерин түшүндүрүүдөн баш тартышкан.

Бирок, райондук полиция кызматкеринин айтымында, мектеп жашындагы кыздардын сойкулукка тартулуусу жайылып кетүүсүнө байланыштуу ушундай текшерүү жүргүзүлгөн.

Маалыматта: “Текшерүү ушундай маселе менен күрөшүү үчүн жасалды”, - деп айтылат.