Секс учурундагы 7 ыңгайсыз абал. Бул баарында болушу мүмкүн

22 августа 2019 Секс учурундагы 7 ыңгайсыз абал. Бул баарында болушу мүмкүн

Бүгүнкү темада секс учурундагы негизги ыңгайсыз учурларды санап өтөбүз жана аларды чечүүнүн жолун сунуштайбыз.

Чыныгы жашоодо секс порнографияга аз окшошот. Кинодогу эротикалык кадрларга да окшошпойт. Мындан тышкары, ыңгайсыз учурлар дагы болушу мүмкүн.

Оргазмга жетүүнүн татаалдыгы

Кээде оргазм менен көйгөй жаралышы мүмкүн – эал өтө эрте, өтө кеч, же такыр болбошу мүмкүн. Бирок, сексте оргазм негизги максат болбош керек. Эгер оргазм менен системалык көйгөй болсо, дарыгерге кайрылуу керек.

Кокусунан мурунку сүйгөнүңүздүн атын айтып алуу

Мындай кырдаал болуп турат,бул же өнөктөштү капа кылат, же сенин мурунку мамилеңе кайрылууга аргасыз кылат. Кырдаалдан чыгуу үчүн кечирим сурап, мурунку мамилелер бүткөндүгүн айтуу керек.

Оргазм учурундагы мимика

Оргазмдын алдынан жана анын учурунда дээрлик бардыгы өзүн, өзүнүн мимикасын контролдой албайт. Адамдын өңү күлөрлүк абалга келиши мүмкүн. Бирок, бул өзүн сексуалдык ырахатка толугу менен арнады дегенди билдирет.

Ооздон чыккан жагымсыз жыт

Мындай жыт сексуалдык каалоого терс таасирин тийгизет. Өз убагында тишти жууп турган жакшы.

Сексуалдык эмес суюктуктар

Жынысытк катнаш учурунда аялдардагы менопауза кезинде бир аз сийдик, ал эми жаш энелерден сүт бөлүнүшү мүмкүн. Эркектерде жыныс органы ооруган учурда дагы бир аз сийдик бөлүнөт. Муну жөн гана дүүлүгүүнүн белгиси катары кабыл алгыла.

Газдар

Бардык адамдар газ чыгарат. Бирок, интим учурунда газ чыгаруу ыңгайсыз абалга алып келет. Эгер ушундай болуп калса, өнөштөш менен күлүп койгула. Кимде гана болбойт мындай абал, туурабы?

Уктоочу бөлмөгө балаңыз келип калса...

Секс учурунда баланын уктоочу бөлмөгө кирип келишин эч ким каалабайт. Бирок, мындай кырдаал болуп турат. Мындай учурда паникадан алыс болуп, баланы өзүнүн бөлмөсүнө алып баруу керек. Баланы кызыктарган бардык суроого кылдат жооп берүүгө аракет кылгыла. Эң жакшысы уктоочу бөлмөгө кулпу орнотуп койгула.