Токмокто мечит күйүп кетти

22 августа 2019 Токмокто мечит күйүп кетти

ӨКМдин маалыматы боюнча, мечиттин аянты 300 чарчы метрди түзөт.

21-августта Токмокто мечит күйүп кеткендигин күбө кабарлап, окуя болгон жерден сүрөт жиберди.

"Эртең менен адамдар мечитке барганда, аны өчүрүп жатышканын көрүшкөн", — деди күбө.

ӨКМдин маалыматы боюнча, мечит Овчаров көчөсүндө жайгашып, аянты 300 чарчы метрди түзөт. Саат 3:54тө эки өрт өчүрүүчү бригада барып, 5:40та өрттү өчүрүшкөн.