Бул сүрөттөн үч баланын сүрөтүн таба аласызбы?

8 ноября 2018 Бул сүрөттөн үч баланын сүрөтүн таба аласызбы?

Бул сүрөттө үч баланын бет сүрөтү жашырылган. Мындай майда, ары кылдаттыкты талап кылган сүрөтчүнүн ишин бир гана көзү курч, кыялын чагылдырган адамдар таба алат.

А сиз өзүңүздү текшерип көрүңүз. Байкагычтыгыңыз менен кылдаттыгыңызды текшериңиз. Тапкан учурда материалдын ылдыйына комментарий калтырыңыз. Кофе данынын арасына үч баланын сүрөтү жашырылган.

Күйөөсү аялынын бөйрөгүн жашыруун сатып жиберген

Күйөөсү аялынын бөйрөгүн жашыруун сатып жиберген. Индия полициялары Батыш Бенгалия штатында аялдын бөйрөгүн жашыруун түрдө сатып жиберген эркекти камакка алды, деп lenta.ru сайтыкабарлайт.

28 жаштагы жабырлануучу Рита Саркар билдиргендей, эки жыл мурун анын ичи ооруп, ооруканага барган.

“Күйөөм Калькуттадагы жеке менчик эмканага алып барды. Медицина кызматкерлери сокур ичегиге байланыштуу операция жасашкан соң, баары жакшы болорун айтышты”, - дейт ал.

Бирок, операциядан кийин ал ан сайын катуу ооруй баштаган. Күйөөсү аялына операция жасалганы тууралуу эч кимге айтпа деп тыюу салган. Ошондой эле, дарыгерге да жөнөтпөй койгон.

Акыры үч ай дегенде аялды дарыгерге туугандары алып барган. Ошондо гана дарыгерлер Ританын бир бөйрөгү жок экенин айтышат.

“Мен ошол кезде гана күйөөмдүн эмнеге дарыгерге барба дегенин түшүндүм. Ал ата-энемдин ага бере албаган себи үчүн менин бөйрөгүмдү сатып жиберген экен”, - дейт аял.

Бар чындыкты билгенден кийин Рита күйөөсү Бисваджит, кайнагасы жана кайын энесинин үстүнөн арыз жазган. Күйөөсү 5-февраль күнү камакка алынган. Алар бөйрөктү бизнесмен Чхаттисгархка сатканын мойнуна алган.

Белгилүү болгондой, Ритага 12 жыл бою күйөөсүнүн туугандары артынан келген септин аз экенин айтышып, ушул күнгө чейин күн көрсөтпөй келишкен.

Белгилей кетсек, Индия өкмөтү 1961-жылы үй-бүлө курган соң, сеп берүүгө мыйзам менен тыюу салган. Бирок, мындай каада-салттар ушул күнгө чейин айыл жергесинде сакталып келет.