Дарыгер чочконун жүрөгү менен бөйрөгүн адамга салууну ниеттенүүдө

21 августа 2019 Дарыгер чочконун жүрөгү менен бөйрөгүн адамга салууну ниеттенүүдө

Улуу Британиялык хирург-трансплантолог Теренс Инглиш алдыдагы үч жылда чочколордун жүрөгүн адамдарга сала турганын айтты. Анын айтымында, 2019-жылы биринчи жолу чочконун бөйрөгү адамга салынат.

Инглиштын айтымында, жаныбардын бөйрөгү ийгиликтүү салынса, жакын арада жүрөктү дагы алмаштырууга болот. Бул өз кезегинде донордун органдарына болгон муктаждыкты жоюуга жардам берет.

Улуу Британияда 300 адам өзүнүн жүрөгүн алмаштыруу үчүн үчүн кезек күтүп турат. Ошондуктан, изилдөөчүлөр бул маслени чечүүнүн жолдорун караштырып жатат. Ал эми чочконун жүрөгүнүн көлөмү адамдыкы менен бирдей экендиги белгилүү.

Адам органдары салыштырыла турган ксенотрансплантация чөйрөсү гендик инжинериянын арты менен өнүгүп жатат. Бирок, көптөгөн окумуштуулар бул адам баласына терс таасирин тийгизет деген пикирде.