Өзбек спортчусунун кыргызстандыктар тууралуу видео кайрылуусу боюнча иш козголду

21 августа 2019 Өзбек спортчусунун кыргызстандыктар тууралуу видео кайрылуусу боюнча иш козголду

Спортчу мекенине өтүп кеткендиктен ага карата тергөө иштери эл аралык Минск Конвенциясынын алкагында жүргүзүлөт.

Өзбекстандык спортчу 27 жаштагы Нурсултан Розибоев Instagram баракчасы аркылуу кыргызстандыктар тууралуу жасаган видео кайрылуусу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматта Розибоев улуттук ар-намыска шек келтирген кайрылуу таркатканы айтылат. Материал Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин негизинде («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу») сотко чейинки өндүрүшкө алынып, иликтөө башталды.

"Кайрылууга себеп болгон спорттук мелдештин уюштуруучулары чакырылып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Видеону таркаткан Өзбекстандын жараны өз мекенине өтүп кеткендиктен ага карата тергөө иштери эл аралык Минск Конвенциясынын алкагында жүргүзүлмөкчү.

sputnik.kg