128 миң жоокер. Путин менен Жээнбеков РФтеги ири машыгууга барышы мүмкүн

21 августа 2019 128 миң жоокер. Путин менен Жээнбеков РФтеги ири машыгууга барышы мүмкүн

Бир нече өлкөнүн армиясы Россия жана ага коңшу мамлекеттердин полигонунда машыкмакчы.

Владимир Путир менен Сооронбай Жээнбеков Россияда өтө турган ири аскер машыгууларына барышы мүмкүн экенин РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Россиянын "Центр-2019" деп аталган стратегиялык окуулары 16-21-сентябрь күндөрү өтөт. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, машыгууга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын армиясы тартылат.

Песковдун Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргенине караганда, Владимир Путин аталган мамлекеттердин башчылары менен машыгууну келип көрүшү мүмкүн. Алардын арасында Сооронбай Жээнбеков да бар.

РИА Новости агенттигинин маалыматында, машыгууга Генералдык штабдын начальниги армия генералы Валерий Герасимов жетекчилик кылат. Ага Россиянын Борбордук жана Чыгыш аскер округдарынын, Каспий флотилиясынын, Аба-десанттык жана Аба-космостук күчтөрүнүн жоокерлери тартылат. Мындан тышкары, Кытай, Пакистан, Кыргызстан, Индия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышмакчы.

РФтин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин билдирүүсүндө, машыгууга 128 миңден ашуун аскер кызматкери тартылып, 20 миң аскер техникасы, 600гө чукул учуучу аппарат жана 15 кеменин күчү сыналат.

Мындан тышкары, Борбор Азиядагы эл аралык террорчулукка каршы күрөшүү маселеси талкууланмакчы.

Негизги машыгуулар "Тоцкий", "Донгуз", "Аданак", "Чебаркульский", "Юргинский", "Алейский", "Ашулук", "Сафакулево" полигондорунда өтөт.

sputnik.kg