Балага 3 жашка чейин эмнени үйрөтүү керек?

20 августа 2019 Балага 3 жашка чейин эмнени үйрөтүү керек?

“Аялды башынан, баланы жашынан...” деген сөз бар кыргызда. Бала тарбиясында кичинекей кезинен баштап калыптанган сапаттар денесине тез сиңип кетерин билебиз. Бирок, анык эмне кылуу керек, эмнени үйрөткөн туура, ошол жагын баарыбыз биле бербейбиз. Ошондуктан, назарыңыздарга кичине балага эмнени үйрөтүү керектиги тууралуу материалды сунуштайбыз.

1. Жакын адамга камкордук жасоо, жардам берүү, боорукер болуу. Ушул сапаттар адамга кичинекей кезинен баштап сиңе бериши керек. Наристе анын жардамынын камкордугуна да муктаж адамдар бар экенин билиши керек. “Бир жакшылык жасап, анын ордуна белек аласың” деп үйрөтүү – чоң ката. Анын ордуна адамдар бири-бирине жардамдашуу керек экенин түшүндүрүп, мунун адамгерчиликтин башкы белгиси экенин өз иши менен далилдеп туруу керек.

2. Өз катасын мойнуна ала билүү. Биз “кечир” деген бир ооз сөздү айтуунун канчалык оор экенин билебиз. Ал эми балага бул өтө татаал экенин эскертүү керек. Бала өзүнүн аракети менен бирөөнү таарынтып койгонун түшүнсө да, ал аны тез унутуп калат. Эгер балаңыздын ката кетиргенин көрсөңүз, оюна көнө берүүнүн ордуна, жакшы-жаман, болбойт-болот деген тыюуларды да үйрөткөн маанилүү. Бала ар бир кырдаалды өзү талдап, таразалай алышы керек. Ошондо гана ал өзүнүн ката кетиргенин түшүнүп, кечирим суроону да  бара-бара үйрөнөт.

3. Сыпайкерчилик. Бала төрөлгөндөн баштап “рахмат”, “саламатсызбы”, “ден соолукта болуңуз” деген сыяктуу сөздөрдү өтө көп угуп турууга тийиш. Биз анын маани маңызын түшүндүрбөй эле, ага адамдар менен мамиле кылуунун негизги жактарын үйрөтө баштайбыз. Бала кезинен ага сиңген сылыктык, алкыш билдирүү сыяктуу сапаттар бойго жеткен жашоосунда ар бир чөйрөдө тил табышып, ар кандай кырдаалдан оңой чыгууга жардам берет.

4. Тартип менен жеке өзүнүн тазалыгы. Кийим тазалыгы, сырткы тактыгы, оюнчуктарын сактап кармоо сыяктуу сапаттар баланын керектүү адаттардын ага калыптанышына өбөлгө түзөт. Бара-бара ал өзүнүн айланасын иретке келтирип жүрүүнү үйрөнөт. Буюмдарына кылдат мамиле кылган бала адам өмүрүнө да этият көз караш менен карайт экенин унутпашыбыз керек.

5. Тил табыша билүү. Коомдо жашап жатып, адамдар менен аралашпай коюу мүмкүн эмес. Ошондуктан, биз баланы адамдар менен таанышууга , бат достошуп кетүүгө үйрөтүшүбүз керек. Мамиле жасай билүү баланын кийинки жашоосунда маанилүү роль аткарат. Ошондуктан, дал ушул нерселерди көңүлдөн сырт калтырбоо зарыл.

6. Коопсуздук. Жол чырактын кызыл түсү күйүп турганда жолдон өтүүгө болбойт, тааныбаган адамдар менен сүйлөшпөө керек, алар чакырса, барбаш керек деген сыяктуу баланын коопсуздугуна байланышкан эрежелерди кичине кезинен баштап мээсине куя берүү абзел.