Жарылган согончокту балыктын майы айыктырат

20 августа 2019 Жарылган согончокту балыктын майы айыктырат

Жеңил бут кийим кийген мезгил келгенде кыз-келиндердин көпчүлүгүн тамандын жарылуусу тынчын алат. Кооз, ары жагымдуу бут кийимди сатып аларда сөзсүз түрдө тамандагы проблемага карашат.

Кесилген таман өзүңүзгө ыйгайсыз жаратары анык. Ошондуктан, айласыз арты жабык бут кийимди тандайбыз. Бул көйгөйдөн арылуу жолу бар.

Башкача айтканда, таманыңыздын жарылганын бир жумада айыктырууга болот. Ал үчүн төмөндөгү кеңештерди кылдат окуп чыгып, көңүл коюп жасаңыз. Төмөндө жарылган таманды дарылоонун бир нече ыкмасын сунуштайбыз.

1 – ыкма

Туздуу суу менен бутуңузга буулоо жасаңыз. Суу жылуу болуш керек. дарылоо убактысы – 20 – 25 мүнөт.

Туз скрабдын кызматын аткарса, ал эми суу терини жумшартат. Андан кийин таманыңызды кыргыч менен кырып, тазалап аласыз. Дарылоодон кийин бутуңузду сүлгү менен арчып, аары момун же балдар кремин сүйкөп жатыңыз.

2-ыкма

2 аш кашык майлуу быштакты, 2 аш кашык каймак менен 2 аш кашык балды аралаштырыңыз. Даяр болгон килкилдекти тамныңызга шыбап, 20 мүнөт жатасыз. Белгиленген убакыттан кийин компрессти жылуу суу менен жууп, сүлгү менен кургатып сүртүңүз. Ошондой эле, бул азыктардын ордуна көгүш чопону колдонсоңуз да болот. Аны суу менен аралаштырып, таманыңызга сүйкөйсүз. Чопонун курамындагы микроэлементтер терини жумшартат, ары нымдаштырат.

3-ыкма

Балыктын майын таманыңызга сиңирип сүйкөңүз. Анан таманыңызды палиэтилен баштыгы менен ороп, сыртынан байпак кийиңиз. Бул компрессти уктар алдында түндө жасаганыңыз болот.

4-ыкма

10 даана аспирин таблеткасын майдалаңыз. Ага бир нече тамчы лимон ширесин тамызып, жакшылап аралаштырыңыз. Даяр болгон дарыны таманыңызга сүйкөп, пакет менен оройсуз. Сыртынан байпак кийүүнү унутпаңыз. Болжол менен жарым сааттан кийин масканы жылуу суу менен жууп, таманыңызга нымдаштыруучу крем сүйкөңүз.