Окумуштуулар шишкебектин зыяндуу экенин аныкташты

20 августа 2019 Окумуштуулар шишкебектин зыяндуу экенин аныкташты

Кытай адистери шишкебек курамындагы зыяндуу заттардын бар экенин аныкташты.

Шишкебек курамындагы заттар адамдын ДНКсын өзгөрүүгө учуратып, ал тургай залалдуу шишикке алып барышы мүмкүн.

Окумуштуулардын ою боюнча, жада калса шишкебек даярдаган учурда мангалдын жанында туруунун өзү зыян.

“Шишкебек, барбекю же гриль даярдоо учурунда татымал көмүртектердин көптүгүнөн ден соолукта зыяндуу заттар пайда болот. Алар адам организмине түшкөндүн кийин ДНКны өзгөртүп, инфекция таратары белгилүү болду. Бирок, териге сырттан тийгенде кандай таасир этет экени аныкталган жок”, - деп Environmental Science & Technology журналында жазылган.

Изилдөөгө 22-25 жаш аралыгындагы 20 адам катышты. Алар үч топко бөлүнүп, шишкебек бышырышкан.

Биринчи топто көмүртектин териге тийгизген зыяны текшерилди. Экинчи топто тамактын ашказанга түшкөндөгү текшерилди. Үчүнчү топко түтүндү жыттагандагы таасири.

Эң зыяндуусу тамактын ашказанга түшкөндөн кийинки кандай абалда болору аныкталды. Экинчи кезекте териге зыяндуу жагы көрсөтүлдү. Ошондуктан, адистер шишкебек даярдаганда денени толук жаап туруучу кийим күйүүгө кеңеш беришет. Анткени, түтүндөгү май териге тийип, организмге тасир берет.