Уулуңуз өзүнөн улуу аялга үйлөнөм десе, кандай реакция жасайсыз?

20 августа 2019 Уулуңуз өзүнөн улуу аялга үйлөнөм десе, кандай реакция жасайсыз?

Жаш уулунун өзүнөн алда канча улуу кызга же турмуш көргөн, балалуу аялга үйлөнөм деген чечими кайсы ата-энеге болсо да оор сокку болот. Кээ бир ата-эне “баламдын бакыты үчүн көнөм” десе да, ичинен ыйлап, уулун өзүнөн жашы улуу кызга кыйбай жатканы да түшүнүктүү нерсе. Мындай учурда ата-эне эмне кылуу керек?

Уулдун абалы белгилүү, ал сүйүүдөн башы айланып, сезимге мас болгон учурда эч кимдин сөзүн кулагына илбеши мүмкүн. Бир жагынан, уулуңуздун чечимине таптакыр каршы болуп, аны өзүңүзгө каршы койбоңуз. Анткени, жигиттин жан дүйнөсүнө үңүлбөгөн ата-эне натыйжасына да өкүнүп калышы толук ыктымал.

Жөнөкөй мисал. Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) биринчи жолу үйлөнгөндө анын жары Хадиша 40 жашта болгон. Жаш айырмачылыгы 15 жаш. Атактуу жылдыздардын да бир топ жаш айырмачылыгы менен үйлөнүп жаткандарына күбөбүз. Алардын баары бирдей төп келбеген түгөйлөр, бактысыз үй-бүлө деп айта албайбыз.

Ошондуктан, бир жагынан караганда, эгер жаш айырмачылыгынын аралыгы бир топ экенине карабай, ал тандоосун ылайык деп тапса, макулдук бергениңиз да туура болот.

Эгер мындай болушун каалабасаңыз, уулуңузга жаш айырмачылыгы жогору кызды келин кылып алгыңыз келбесе, эрте камданыңыз. Жакшысы, бала менен жакын болуңуз, ага болушунча мээримиңизди төгүңүз. Эгер чынында жүрөктүн каалоосу ошол кыз болуп турса, ата-энеси катары балаңызга бакыт тилеңиз.

Анткени, ата-эненин ыраазычылыгысыз эч бир перзент бактылуу боло албайт.

Психолог адистердин айтымында, улууңуз өзүнөн улуу кызды жактырса, аны өзүнө өмүрлүк жар катарында тандап алса, мунун бир нече себептери бар. Биринчи натыйжалары менен күрөшкөндөн көрү, себебин болтурбоонун аракетин көргөнүңүз жакшыраак.

Биринчиден, уулуңуз үй-бүлөдө ата-эне мээримине муктаж болуп өсүшү мүмкүн.

Экинчиден, ата-энесинин биринен эрте айрылса да, ошол жетишпеген мээримдин ордун толтуруу максатында улуу кыз менен бүлө курса, анын жанында өзүн ыңгайлуу, жайлуу сезет.

Үчүнчүдөн, бала толук кандуу үй-бүлөдө тарбия алып өссө да, ушундай абалга туш болушу мүмкүн. Анын себеби, үй-бүлөдө атанын беделине караганда, эне бедели басымдуураак.

Төртүнчүдөн, уулуңуз үчүн маанилүү чечимди өзүңүз кабыл алсаңыз, анын тандоосу, каалоосу, кызыкчылыгы менен эсептешпесеңиз, же аны сүйлөтпөй, “Менин айтканым мыйзам! Сен менин чийген айланамдан чыкпайсың!” деп катуу талап койсоңуз, баланын өмүрлүк жарын тандоодогу табити ошондой болот.