70 жаштагы кош бойлуу кемпир дүйнөлүк рекордду жаңыртат

20 августа 2019 70 жаштагы кош бойлуу кемпир дүйнөлүк рекордду жаңыртат

Мексикада 70 жаштагы Мария де ла Луздун кош бойлуу экени аныкталды. Ал кош бойлуулуктун алтынчы айында.

Кемпир азырынча дүйнөлүк рекордду жаңыртуу үчүн документтерин тапшыра элек экенин айтты.

“Мага курсагымдагы кыз экенин айтышты. Сүрөттө анын сүйкүмдүү жүзү көрүнөт”, - дейт кемпир.

Эгер төрөт ийгиликтүү өтсө, ал Мария Дель Кармен Бусада де Ларанын рекордун жаңыртат. Аталган аял 66 жашында эгиз уулдарды дүйнөгө алып келген.