Пластик идиштер рак оорусун пайда кылат

8 ноября 2018 Пластик идиштер рак оорусун пайда кылат

Британдык Эксетерск университетинин окумуштуулары пластик идиштери адамдын организминде рак оорусу пайда кылышы мүмкүн деген жыйынтыкка келди, деп life.ru сайтыкабарлайт.

Адистер пластик бөтөлкөлөр менен контейнерлердин курамындагы "бисфенол" химиялык кошулмасы ден соолукка абдан коркунучтуу деп айтышты.

Алар эксперимент катары 94 жаш өспүрүмдүн заарасын изилдеп, 86 пайызында бисенфол кошулмасы бар экенин аныкташкан. Идиш аркылуу тамакка түшкөн уулуу заттан организмди тазалоо үчүн пластик идиштерди такыр колдонбой да көрүшкөн. Бирок, ал организмдеги бисфенолдун жоюлушуна жардам берген эмес.

Окумуштуулар өзгөчө узак убакыт бою колдонгон суу куюлган бөтөлкөлөрдүн коркунучу күчтүү дешет.

Ал эми British Plastics Federation уюму бул изилдөө натыйжалары менен макул эмес. Алар пластмассадагы бисфенолдун зыяндуулугу өтө көп эмес дешет.