Чечиндирип кайра кийиндирген: маркумду кызматтык кийими үчүн кабырдан кайра казып алышкан

20 августа 2019 Чечиндирип кайра кийиндирген: маркумду кызматтык кийими үчүн кабырдан кайра казып алышкан

Кенияда көз жумуп, жерге берилген адамдын үстүнөн кызматтык кийимин чечип алуу үчүн денесин казып алышты.

Жергиликтүү The Daily Nation гезитинин маалыматында 31 жаштагы Мартин Сикуку Алукое сууга чөгүп кетип, 11-августта жерге берилген. Эртеси Мартин иштеген ишкананын өкүлдөрү анын үй-бүлөсүнө келип, алардын маркумдун кызматтык кийимин талап кылат. Бирок, туугандары маркумду кызматтык кийими менен жерге беришкенин айтышат.

Мындан кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маркумду казып алып, үстүндөгү кийимин чечтирүүнү талап кылган. Мамлекеттегик мыйзам боюнча, мүрзөнү казуу үчүн соттон уруксат алуу керек. Бирок, алар жогорку инстанцияларга кайрылбай жана маркумдун үй-бүлөсүнүн уруксатын албай, жетекчиликтин буйругун аткарып, өлүктү казып алышкан.

Маркумдун агасы Фрэнсис Мутамба офицерлер ата-бабасынын салтын эске албай, кызматтык кийим үчүн өлүктү казып алгандарына наразы. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өлүктү көмүп жаткан учурда болгондугун жана аны кызматтык кийим менен көмүүгө каршы болбогондугун айтат.

Натыйжада өлүккө башка кийим кийгизип, кызматтык кийимди алып кетишкен.