Өзбекстанда «Бизнестин баары жакшы» деп аталган фирма каттоодон өттү

20 августа 2019 Өзбекстанда «Бизнестин баары жакшы» деп аталган фирма каттоодон өттү

Ташкентте «LYUBAYA BIZNES XOROSHA» («Бизнестин баары жакшы») деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) каттоодон өттү. Бул тууралуу Kun.uz сайты өлкөнүн Статистика боюнча мамлекеттик комитетинин сайтындагы маалыматка таянып жазды.

Аталган ишкана быйыл 16-августта каттоодон өткөн. Анын уставдык капиталы 3 миллиард сумду түзүп, түзүүчүсү аял болуп эсептелет.

Басылма белгилегендей, «Бизнестин баары жакшы» фирмасы түрдүү товарларды дүңүнөн сатуу менен алектеген.

Быйыл май айында Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаев телеканалдардын бириндеги маегинде «бизнестин баары жакшы» экенин белгилеген. Көп өтпөй бул фраза эл оозуна алынып, аны өлкө жашоочуларынын көбү учкул сөз катары колдоно башташкан.