Трамп Гренландияны сатып алууга кызыгып жатканын ырастады

20 августа 2019 Трамп Гренландияны сатып алууга кызыгып жатканын ырастады

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон чынында эле Даниядан Гренландияны сатып алууга кызыгып жатканын ырастап, бирок бул азыр приоритеттүү маселе эмес экенин белгиледи. Өткөн жумада айрым ЖМКлар өз булактарына таянып, Трамп кеңешчилери менен бул маселени талкуулаганын жазып чыгышкан.

АКШ президенти Дания Гренландияны көзөмөлдөө менен акчасын жоготуп жатканын билдирди. Ал бул маселени сентябрдагы ыктымал сапары маалында Дания бийлиги менен талкуулашы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Өз кезегинде Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен өлкөнүн бул аймагын сатып алуу тууралуу Трамптын идеясын сандырактык деп атап, АКШ президенти менен жолукканда бул маселе талкууланбай турганын белгиледи.

Гренландия – Жер шарындагы эң ири арал, аймагынын көбүн муз каптап турат. Аралдын калкынын саны 56 миңге жакын. Анда АКШнын аскердик базасы жайгашкан.