Өзбекстандын Хорезм облусунда мугалимдер мектепке эмерек сатып берүүгө милдеттендирилди

20 августа 2019 Өзбекстандын Хорезм облусунда мугалимдер мектепке эмерек сатып берүүгө милдеттендирилди

Өзбекстандын Хорезм облусунун Ургенч шаарындагы №30 мектептин мугалимдери жетекчилик тарабынан класстарга эмерек алуу үчүн акча чогултууга милдеттендирилгенин билдиришүүдө.

Алар «Азаттыктын» өзбек кызматына жыйын маалында жаздырып алынган аудиону жөнөтүшкөн. Анда класстар үчүн эмерек жана жалюзи сатып алуу маселеси талкууланып, директор Пулат Орозовго таандык делген үн мектептин керектөөсүнө 20 миллион сум (2105 доллар) зарыл экенин айтып, бул сумма мугалимдердин август айындагы айлыгынан кармалып кала турганын айткандыгын угууга болот.

Мугалимдердин айтымында, мындай талапка каршылык билдирген кесиптештери жумуштан кетирүү же сабактарынын санын азайтуу өңдүү коркутууларга туш болушууда.

«Бизге бул акчаларды өз каалообуз менен берип жаткандыгыбыз тууралуу тилкат жаздырып алышууда. Бирок чынында бул жемкорлук. Биз мектеп үчүн акчабызды деле аябайбыз, бирок бул каражат директордун же башка бир адамдын чөнтөгүнө түшпөйт деп ким кепилдик берет?», — деп суроо салды мугалимдердин бири.

​Мектептин директору Пулат Орозов мугалимдердин айлыктарынан акча чогултулуп жаткандыгы тууралуу маалыматты чекте какты. «Бул жалган, биз мугалимдердин айлыгынан акча кармап калбайбыз. Дүйшөмбү күнү баарын чогултуп, бардыгы тең айлыктарын толук ала турганын айтам», — деди мектеп жетекчиси. Бирок ал аудиожазуудагы өзүнүн үнүнө окшогон адамдын сөздөрү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.