Кыргызстандагы 31 калктуу конушка айыл статусу берилди. Тизме

20 августа 2019 Кыргызстандагы 31 калктуу конушка айыл статусу берилди. Тизме

Тийиштүү мыйзамга Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштары айыл категориясына киргизилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Тийиштүү мыйзамга Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Айыл статусу берилген конуштардын тизмеси:

Баткен облусу

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак калктуу конушу;

Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк калктуу конушу;

Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт калктуу конушу;

Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө калктуу конушу;

Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кудук калктуу конушу;

Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Өндүрүш калктуу конушу;

Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Сары-Талаа калктуу конушу;

Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Учкун калктуу конушу.

Нарын облусу

Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий калктуу конушу;

Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Оро-Башы калктуу конушу;

Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Тармал-Саз калктуу конушу;

Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Узун-Булак калктуу конушу;

Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой калктуу конушу.

Ош облусу

Алай районунун Корул айыл аймагынын Арал калктуу конушу;

Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Маданият калктуу конушу;

Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Пахта-Абад калктуу конушу;

Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак калктуу конушу;

Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Бөрү-Токой калктуу конушу;

Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Желе-Дөбө калктуу конушу;

Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Жаш калктуу конушу;

Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Таш-Булак калктуу конушу;

Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Беш-Коргон калктуу конушу;

Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Бостон калктуу конушу;

Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Чоң-Кыштоо калктуу конушу;

Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман калктуу конушу;

Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Он Эки-Мойнок калктуу конушу;

Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Өрнөк калктуу конушу;

Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек калктуу конушу;

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак калктуу конушу.

Талас облусу

Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш калктуу конушу;

Талас районунун Калба айыл аймагынын Беш-Таш калктуу конушу.

sputnik.kg