Бабанов УКМКга да суракка чакырылганын айтты

20 августа 2019 Бабанов УКМКга да суракка чакырылганын айтты

Экс-депутатка мурда УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон.

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Финполдун сурагынан чыкты. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып эртең, 20-августта, саат 15.00гө аны УКМК да суракка чакырганын билдирди.

Саясатчы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында (Финпол) "Кыргызстан коммерциялык банкы" ААКсына байланышкан иш боюнча
сурак берип, саат 21.40та чыкты.

"Бир жыл тогуз ай сыртта жүрдүм. Мен баарына даяр болуп келдим. Он-Адыр боюнча козголгон иш мурунку бийликтин саясий иши болгон. Эми экономикалык жактан иш козголгон экен, бул да жок болот деп ойлойм", — деди Бабанов.

Эске салсак, Өмүрбек Бабановго УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген. 
Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра кийин ал чечиминен баш тарткан. Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта Бишкекке келип, тарапташтары менен жолугушкан. Ал эми УКМК болсо Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.

sputnik.kg