Секс менен алектенүү үчүн кайсы убакыт ыңгайлуу экени аныкталды

8 ноября 2018

Серепчилердин пикири боюнча, эркек кишилер менен аялдардын сексуалдык каалоолорункүнүнө эки жолу кандыруугамүмкүн деп segodnya.ua сайтыкабарлайт.

Сексологдор менен психотерапевт адистери: “Эртең мененки жыныстык катнаш эркектер менен аялдардын мамилесин бекемдеп гана койбой, ден соолукка да пайдалуу”, - деп ишендиришет.

Ошондой эле, серепчилер таңкы секстин төмөндөгүдөй негизги артыкчылыктарын аташты:

Таңкы гимнастиканы секс менен алмаштырууга болот. Секс учурунда дене мүчөлөрүнүн баардык булчуң эттери иштейт.

Бул баардык ички органдар үчүн сонун массаж жана дене мүчөлөр үчүн табылгыс көнүгүү болуп табылат. Кан айланууну жакшыртат, дем алууну активдештирет, мунун кан тамырларга да пайдасы өтө чоң. Бул жүрөк оорусун эки эсеге чейин төмөндөтөт жана кан басымды калыбына келтирүүгө жардам берет.

Эртең менен жыныстык катнашка барган адамдар депрессияга аз кабылышат.

Гормондук плюс. Эркек адамдардын канындагы тестостерондун максималдуу концентрациясы таңкы 7:00дөн 8:00го чейинки аралыкта болот.

Мындан тышкары, окумуштуулардын маалыматына ылайык, эркек кишилер менен аялдардын жыныстык каалоосу күнүнө эки жолу – таңкы сегизде жана кечки сегизде пайда болот. Ушул сааттарда эркектер менен аялдар жыныстык катнашынын сызыктары бир учурда максималдуу деңгээлге жетет.

Таңга маал секс менен алектенген түгөйлөр күн бою өздөрүн башка кесиптештерине караганда алда канча ыңгайлуу сезишет.

Секс маанайды көтөрөт жана күн бою жагымдуу элестерди калтырат. Ошондуктан, мындай жыныстык катнаш – сиздердин маанайларыңыздарды көтөрүүнүн эң жакшы жолу.

Белгилей кетсек, буга чейин да окумуштуулар секстин картаю процессине таасир этерин далилдешкен. Мындай жыйынтыкка Бразилиянын Rio Grande do Sul университетинин окумуштуулары келишкен. Мындан тышкары, Улуу Британиянын изилдөөчүлөрү уйку менен ойгонуунун жана жыныстык катнашка баруунун эң ылайыктууубактысын айтышкан болчу.