Түрмөдө отуруп Атамбаевдин тарапташтарына чалган кылмышкер аныкталды

13 августа 2019 Түрмөдө отуруп Атамбаевдин тарапташтарына чалган кылмышкер аныкталды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түрмөдө отуруп алып президенттик аппараттын атынан Жогорку Кеңештин депутаттарына, КСДПнын басма сөз катчысына жана министрликтерге, мамлекеттик органдарга телефон чалган кылмышкерди аныктады.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

ИИМдин тараткан маалыматына караганда, алдамчылык үчүн соттолуп, №1 түрмөдө жазасын өтөп жаткан Темир Калмырзаев өзү менен кошо түрмөдө отурган Талгат Игисиновдун телефону менен бир топ кызмат адамдарына президенттик аппараттын өзгөчө жооптуу жетекчисинин атынан телефон чалып, акыркы саясий окуялар боюнча жалган маалыматтарды тараткан.

Ал депутат Асел Кодурановага телефон чалып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну уюштуруп берүү тууралуу убада берип, ал-абалын сураган. Ошондой эле КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаевага да телефон чалып, 7-8-августтагы окуялар боюнча толук маалымат алып турган.

Андан сырткары транспорт жана жолдор министринин орун басарына, Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерине, Экономика министрлигине жана башка бир катар мамлекеттик органдарга телефон чалып: «Кандай иштер аткарылат, кандай иштер пландалууда?» деген суроолорду берип, бардык маалыматтарды алып турган.

ИИМ Темир Калмырзаев менен Талгат Игисинов түрмөдө жазасын өтөп жаткандар үчүн өзүнчө түрмөгө которулуп, сүйлөшкөн телефондор далил буюм катары алынганын кабарлады.