Токмокто эки тепловоз кагышып, бири рельстен чыгып кетти

13 августа 2019 Токмокто эки тепловоз кагышып, бири рельстен чыгып кетти

Учурда жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Токмокто эки тепловоз кагышып кетти. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя 12-август күнү, саат 22.30дар чамасында болгон.

“Тепловоз айнек заводдон чыгып келе жатып токтоп турган поездди кагып кеткен. Жүрүп бараткан локомотив рельстен чыгып, оодарылган”, - дешти ИИМден.

Жеринде милиция кызматкерлери менен “Кыргызтемиржолу” ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат.

“Кыргызтемиржолунун” жетекчисинин орун басары Руслан Кадыркулов кырсык болгонун ырастап, поездди койгон тепловоз айнек заводуна тийиштүү экенин айтты.

sputnik.kg