Келишимди окубай кол койгон: көчө шырыпган аял күтпөгөн жерден 2 млрд рубль карыз болду

12 августа 2019 Келишимди окубай кол койгон: көчө шырыпган аял күтпөгөн жерден 2 млрд рубль карыз болду

Москва алдындагы Воскресенск шаарынын тургуну аферисттерге алданып, эки млрд өлчөмүндөгү чыгымга туш болгон. Бул болжол менен 3,4 млрд сомду түзөт.

Аял телеканаладарга берген маегинде баласын жалгыз тарбиялап, карыз болуп калганы үчүн жумушсуз калагынан айткан.

“Алар себеп таап, мени жумуштан чыгарып жиберди. Жулдошум менен ажырашып кеткем, баламды жалгыз багам. Адвокатка кайрылып, сотко арыз жаздым. Үйүмдү тинтип чыгышты. Нерв болуп, дары-дармекке көз каранды болуп калдым”, - дейт мурун көчө шыпырып иштеген аял.

Аял бир нече жыл мурда жумуша орношордо документтердин мазмуну менен таанышпай, кол коюп жибергенин айтты. Кийин фирма негиздөөчүсүнүн бири болуп чыга келген. Ал эми афиристтер фирманын атына кредит каттаттырып алышкан.

Жергиликтүү басылмалар 2016-жылы Москванын Дорогомиловский соту аялдан карызды өндөрүп алуу тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Москва облусундагы адам укуктарын коргоо борборунун өкүлү Екатерина Семенова аялга байланыштуу кырдаалды өз көзөмөлүнө алганын айтты. Дагы ал 1,82 млрд рубль кредитти, ошондой эле 127,4 миллион рубль өлчөмүндөгү админстративдик айыппулду төлөөгө милдеттүү.