Жигиттер, силерге боёнуунун кандай түрү жагат?

12 августа 2019 Жигиттер, силерге боёнуунун кандай түрү жагат?

Албетте, кыздар баары дээрлик сулуу болуп жүргөндү жакшы көрөшөт. Бирок, кээде “сулуу көрүнөбүз” деп ашырып жибергендер да кездешет. Жигиттер кыздар сыяктуу боёнуунун түрүн ажырата албаса да, аларга жаккан бир нече бьюти-жолдору бар экен. Анда эмесе сүйүктүүңүзгө сиздин кандай боёнгонуңуз жагарын билгиңиз келсе, төмөнкүлөрдү окуңуз...

Назик эриндер. “Аялдын чиедей эрини...” деген билдүрүүнү көп угуп жүрсөңүз керек, бирок бул мурунку тенденция. Азыр табигый сулуулук жогору бааланат. Эркектер сүйүктүүсүнүн назик, ары кыялкеч болгонун каалашат. Ошондуктан, мындан ары көзүңүздү ачык түстөр менен боёсоңуз да, эриниңизди каныккан түскө боёбоңуз.

Табигый каш. Азыркы күндө айымдардын көбүнүн каштары жасалма экени ырас, ал эми бул жигиттерге такыр жакпайт. Өтө узун жана күңүрт каштардан оолак болуңуз. Мүмкүн болушунча табигый түсүн сактоого аракет кылыңыз.

Эндик-боёк. Алмадай бетиңиздин кызгылт тартып турушу жагымдуу көрүнөт. Бирок, аны чегинен ашырып боёнун кереги жок. Мүмкүн болсо көзгө түшпөй тургандай кылып боёп жүрүңүз.