Байбичеси менен токолдорун бактылуу кылган таанымал эл башчылары кимдер?

12 августа 2019 Байбичеси менен токолдорун бактылуу кылган таанымал эл башчылары кимдер?

Көп аял алуу – бир гана Чыгыш өлкөлөрүндө канатын жайган деген ката пикир. Батыш жана африка мамлекеттеринде бир нече аялдары бар адамдар көп кездешет. Алардын арасында ал тургай эл башчылары да бар, деп woman.ru кабарлайт.

Полигамдуу үй-бүлөлөрдө жашагандар өз сүйүктүүсүн башка бирөө менен бөлүшүүгө көнүп калышкан. Мисалы, күйөөсү башка аял менен бактылуу болгонун билген байбичеси анын дагы башка токол алуусуна каршы болбойт.

Бирок, эркектер үчүн бул оңой дүнүйө эмес. Себеби, бир нече аял деген бир гана бакытка бөлөнүү эмес, кыйла каржыдан айрылуу дегенди да билдирет. Анткени, ар бир аял менен андан туулган балдарды багуу ар бир эркектин чөнтөгүнө бир кыйла таасир этери талашсыз.

Буга байланыштуу Батыш жана Африка өлкөлөрүндө полигамдуу үй-бүлөнү бага ала тургандардын катарында материалдык абалы жакшы ишкерлер менен бизнесмендер болушу зарыл.

Анда эмесе көп аял алган эл башчыларын карап чыгалы.

1. Араб Эмиратынын премьер-министри Мухаммед ибн Рашид Аль Мактум, 68 жашта - аялдарынын саны: 6

2. Свазиленд королу Мсвати III, 50 жашта - аялдар саны: 14

3. Бутандын мурунку башчысы Джигме Сингье Вангчук, 62 жашта - аялдар саны: 4

4. Түштүк Африканын экс-президенти Джейкоб Гедлейихлекиса Зума, 76 жашта - аялдар саны: 4

5. Бахрейн башчысы Хамад ибн Иса Аль Халифа, 68 жашта - аялдар саны: 4

6. Борбордук Африка империясынын мурунку императоры Жан Бедель Бокасса (1921-1996) - аялдар  саны: 19

7. Сауд Арабиясынын экс-королу Абдалла ибн Абдул-Азиз Аль Сауд (1924 - 2015) - аялдар саны: 30

Сиз билгендей, бизде де андайлар көп, бирок ачык айтышпайт, туурабы?