Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты?

12 августа 2019 Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты?

Жүктүн ээси Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды.

Кадамжайда эл аралык баңги зат ташылган трансулуттук каналдын жолу буулду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарына Үч-Коргон айылында мөмө-жемиштерге жашырып баңги затын Россияга, андан ары Европага жөнөтмөкчү болгондор тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Кара-Көл ШИИБдин жол коопсуздук кызматы менен Кадамжай РИИБдин кызматкерлери биргеликте иш алып барып, Volvo унааcы Кара-Көл шаарынан токтотулуп, Кадамжай РИИБдин тергөө кызматына алынып келген.

Унаанын айдоочусу 19 тонна шабдалы, кара өрүк, алмурут жүктөгөнүн жана аны Россияга алып барарын айткан.

"Милиция кызматкерлери автоунааны тинткен учурда мөмө-жемиштердин арасынан 93 даана брикет, алдын ала салмагы 44 килограмм 300 грамм болгон зат табылып алынган. Ага тиешелүү экспертизалар дайындалып, ал 999 түрүндөгү героин экендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Жүктүн ээси Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды.