Чоң курсактуу эркектер кандай дартка чалдыгат? Дарыгерлердин жообу

12 августа 2019 Чоң курсактуу эркектер кандай дартка чалдыгат? Дарыгерлердин жообу

Дарыгерлердин айтымында, эркектер салмагына көз салып, тез-тезден белин ченеп турушу керек.

Медицина кызматкерлери чоң курсак эркек кишилерге кандайча зыян экенин айтып беришти. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.

Адистердин айтымында, май ички органдардын иштөөсүнө терс таасир этиши ыктымал. Ал белок бөлүп чыгарып, кант диабетинин пайда болушун шарттайт. Май жүрөк оорусун жана ар кандай шишик дарттарын да чакырышы мүмкүн.

Мындан улам дарыгерлер эркектерге салмагына көз салып, тез-тезден белин ченеп турушу керектигин айтты. Орто бойлуу кишилердин бели 94 сантиметрден ашпашы керек.

Курсактагы майдан арылуу үчүн адам тамакты таптап ичип, майлуу азык-түлүктөрдү аз жеши шарт. Туура эмес уктоо жана стресс дагы адамдын семирип, курсагынын чыгып кетүүсүнө бирден-бир себеп.

sputnik.kg