Бишкектин айрым жерлеринде чогулгандар тарай элек

9 августа 2019 Бишкектин айрым жерлеринде чогулгандар тарай элек

Бишкектин ар кайсыл жерлеринде башаламандыктар болуп жатканын социалдык тармак колдонуучулары жазууда. "Акипресс" агенттиги айрым жол кесилиштеринде "Коопсуз шаардын" көзөмөл камералары талкаланганын кабарлады.

9-августка караган түнү милиция борбордук Ала-Тоо аянтында топтолгондорду таратуу үчүн кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу заттарды колдонгон. Чогулгандар Ак үйдүн жанына келе баштаган болчу. Жаалданган топ түрдүү кыйкырыктар менен аянттагы темир тосмолорду жылдырып, унаа жолду жаап салышкан.

Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары экени айтылууда. Кээ бирлеринин колунда союл бар.

Ички иштер министрлиги шаар толук көзөмөлдө экенин билдирди.

8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кеткен. Кыргызстан социалдык демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлдөрү Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алынып келингенин кабарлашкан.