Асанов Курсан Сатарович — өмүр баяны

9 августа 2019 Асанов Курсан Сатарович — өмүр баяны

Курсан Асанов 1966-жылы 31-августта Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

1998 — Ош мамлекеттик университетин педагогика адистиги боюнча аяктаган;

2004 — ИИМдин академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1984-1986 — Советтик Армиянын катарында болгон;

1991-1992 — Милициянын атайын бөлүгүнүн (ОМОН) 6-ротадагы кызматкери;

1992-1994 — ИИМдин ыкчам аракеттеги бөлүгүнүн кызматкери (ОМСН), ротанын командири;

1994-1997 — Ош ОИИБдин полкунун 6-ротасынын командири;

1997-1999 — Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү;

1999-2000 — Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү;

2000-2001 — Базар-Коргон РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси;

2001-2002 — Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси;

2002-2004 — Ош ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси;

2004-2005 — Ош ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

2005-2008 — Кара-Суу РИИБнин жетекчиси;

2008 — Ош ОИИБдин 9-бөлүмүнүн жетекчиси;

2008-2009 — Ош ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси;

2009-2010 — Өзгөн РИИБнин жетекчиси;

2010 — Ош ОИИБдин жетекчисинин орун басары, кийинчерээк жетекчиси;

2010 — Свердлов РИИБдин жетекчиси;

2010 — Ош ШИИБдин жетекчиси;

2010-2011 — КР Жогорку Кеңешинин депутаты;

2011-жылдан бери ички иштер министринин орун басары.

Наамдары:

Милициянын генерал-майору.

Үч кыз, бир уулдун атасы.