Шавкат Мирзиёев кыргыз элине акыл-эстүүлүк каалады

9 августа 2019 Шавкат Мирзиёев кыргыз элине акыл-эстүүлүк каалады

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташуусун талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташуусун талкуулашты.

"Өзбекстандын башчысы кыргыз боордош элине акыл-эстүүлүк, тынчтык жана туруктуулук каалады", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармаган. Анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын айтымында, учурда Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына алынып келген.

8-августтун кечинде Атамбаевдин тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, Чүй проспектисин тороп алышкан. Укук коргоо органдары чогулган элди күч менен таратууга аракет кылып, катуу үн чыгаруучу граната жана көздөн жаш агыза турчу газды колдонушкан. Атайын даярдыктагы аскерлер 9-августка караган түнү аракеттерин улантты.

sputnik.kg