Медведев Жээнбеков менен Кыргызстандагы абалды талкуулайт

9 августа 2019 Медведев Жээнбеков менен Кыргызстандагы абалды талкуулайт

Россиянын өкмөт башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Кыргызстанга учуп келген.

Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев укук коргоо органдары тарабынан кармалган Алмазбек Атамбаев жөнүндө сөз кылып, аны мамлекеттин ички иши деди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Мындай билдирүүнү ал Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Кыргызстанга учуп келгенден кийин билдирди. 

"Мен өзүмдүн кесиптешим менен дайым байланыштамын. Ошондуктан биз болуп жаткан окуяларга дайым көз салып турабыз", — деди Медведев.

Ал ошондой эле Кыргызстан XXI кылымда болушунча революция жасап жибергендигин баса белгилеп, Москва тарап болуп жаткан окуяларга жөн гана көз салып турбастыгын айтат. Анткени Кыргызстан — Россиянын ири өнөктөшү, Евразия биримдиги менен Жааматтык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекет.

Мындан сырткары, Медведев КРдеги абалды президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен талкуулай тургандыгын кошумчалады.

sputnik.kg