Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Пресса чакырылган жок

8 августа 2019 Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Пресса чакырылган жок

7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Прессанын катышуусусуз өтүп жаткан жыйындын күн тартибинде 2019-жылдын 7-августунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздукту жана тартипти камсыздоо маселеси каралып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок ал өтөсүнө чыкпай калган.

Маалыматта Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча суракка алып келүү тапшырмасы УКМКнын кызматкерлерине берилгени айтылат. Бирок алар Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө келген учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата курал жана башка буюмдарды колдонуу менен каршылык көрсөткөн. Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу үчүн массалык башаламандык уюштурулган.

УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлеринин бири ок жеп, ооруканада каза болду.

sputnik.kg